Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Күйөөгө тийгениме өкүнөм, экинчи турмуш – болбогон жашоо окшойт...
Күйөөгө тийгениме өкүнөм, экинчи турмуш – болбогон жашоо окшойт...
23-декабрь, 20:07
4 356 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Азыркы учурда мен экинчи жолдошум менен жашайм. Бир балам бар. Күйөөм Оштон болот. Баш кошконубузга төрт жыл болду. Биринчи жолдошуман бир кызым бар. Ал апамдын колунда, аны аябай сагынам. Бул күйөөм ата-энемдин астынан дагы өткөн эмес, же төркүнүмө жибербейт. Туугандарым менен да катыштырбайт. Мен өзүм Көлдөн болом. Күйөөм кээде кол көтөрөт. Бир гана “күйөөсү бар” деген ат үчүн баарына чыдап келе жатам. Бирок, күйөөм ошонун баркын билбейт. Өтө кызганчаак. Мен эмне кылышымды билбей, кыйналып кеттим. Балам бир жаштан өттү. Экинчи күйөөгө тийгениме өкүнөм, эми өмүр бою өкүнүп жашайымбы, кандай кылам?
Алина