Калича Умуралиева: “Өкмөт менен бейөкмөт уюмдардын каржы булагы бир эле”
“Городские парки” муниципалдык ишканасынын төрайымы
- Мыйзамдардагы өзгөртүүлөргө ылайык коммерциялык эмес уюмдар эми каржы булагы жөнүндө юстиция министрлигине да отчет бере турган болбодубу. Муну менен бейөкмөт уюмдардын ишинде кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?
-- Негизи эле бейөкмөт уюмдар мурдатан эле донорлорго отчет берип келет. Өкмөткө салык төлөп, тийешелүү документтерди алып эле иштеп келген. Муну менен эч кандай деле өзгөрүү болбойт. Болгону дагы бир документ чогултуу деген баш оору көбөйөт.
-- Анда эмне себептен мындай талаптар коюлуп атат?
-- Бирөөгө талап койгондон мурун, өкмөткө түшкөн каражаттардын пайдаланылышын көзөмөлдөп алышса болмок. Бюджетке түшкөн акчанын баарын эле уурдап атышпайбы. Ал эми максаты эмне экени түшүнүксүз.
-- Бейөкмөт уюмдар көбүнчө кайсы жактан каржыланат?
-- Өкмөт кайсы жактан каржыланса, бейөкмөт уюмдар деле ошол жактанкаржыланат. Тактап айтсак, БУУ, “Сорос” фонду, ПРООН сыяктуу институттар.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити