Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутаттыкка талапкерлердин психикалык саламаттыгын текшертүү зарыл

Депутаттыкка талапкерлердин психикалык саламаттыгын текшертүү зарыл

21-март, 23:40
445 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Урматтуу кыргыз элим! Ушул жылы күзүндө Жогорку Кеңешке депутаттарды (партияларды) шайлоо болуп өтөт. Ошол шайлоо боюнча өз ойлорум менен бөлүшсөм дедим эле. 

Биринчиден, ар бир кыргыз жараны (албетте, шайланууга жашы жеткенден баштап) эки жолу гана депутат боло алат жана эки жолу тең бир гана партиядан тизмеге киргизилип, ат салышат. Эмне үчүн ушундай болуш керек? Президентибизди деле өмүрүндө бир же эки жолу шайлап жатпайбызбы. Анда эмне үчүн өмүр бою депутаттыкка ат салыша берсе болот? Кээ бир депутаттар, партия лидерлери депутаттыкты кесип кылып алышты. Кыргызстан өз эгемендүүлүгүн алгандан баштап ушул күнгө чейин депутат болгон жарандарыбыз бар (28 жылдан бери). 

Эмне үчүн бир эле партиядан болуш керек? Эгер ушундай чечимге келбесек, биздин болочок депутаттар (азыркы, мурунку деле) бүгүн бир партияга, эртең башка партияга өтүп, бирин-бири сатып кете берет экен. Эгер жогорудагыдай кылсак, чыккынчылык азыраак болот беле? 

Экинчиден, депутаттыкка талапкерлерге (партиянын тизмеси боюнча) “кыргыз тилин билүүгө милдеттүү” деген талапты койсок. Бизге сочинение же диктант жазып, түш жорубай эле коюшсун. Бирок, өз оюн туура түшүндүрүп, аларга жолугушууга келген жарандарыбызды туура түшүнө ала турган деңгээлде болсо деген гана тилек. (Кээ бир кыргыз депутаттар орусча жакшы сүйлөгөнүгө мактанышабы, орусча эле сүйлөп жатышат. Кыргызча эле сүйлөшсө туура болот эле). 

Үчүнчүдөн, шайлоо бүткөндөн кийин депутаттар (өкмөт мүчөлөрү да) бийик трибунага чыгып, эл алдында ант берип жатышат. Ант – бул ыйык нерсе. Мен азыр өзүмчө ойлонуп жатам, ант берүүнү депутаттарга, өкмөт мүчөлөрүнө деги кереги барбы? Депутаттар антты Конституцияны кармап беришсе, Куранды Конституциянын үстүнө коюп ант берген депутат да болгон убагында. Аны дагы кабыл алдык, бирок ант бергенден кийин анын жоопкерчилиги да болуш керек. Эң кур дегенде антты (коркпой-үркпөй, уялбай өз милдеттерин өтөбөсө) бузгандардын депутаттык мандатын чакыртып алсак туура болот деген ойдомун. 

Төртүнчүдөн, депутаттыкка талапкерлер “психикалык жактан оорулуу эмес” деген справкасын да кошо тапшырса. Эмне үчүн? Себеби, кийинки кездерде эл арасында “биздин депутаттардын ден соолугу жайында элеби?” деген суроолор туула баштады. Анткени, кээ бир депутаттар мурдун аарчый албай жүрүшүп, өздөрүн “элитабыз” дешет экен. Мен билгенден кийинки муундан И.Раззаков менен Т.Усубалиевдей “элитаны” көрө элекмин. Менин кыскача оюм ушул. Мүмкүн ушундай болсо туура болоор...


Бактыбек Закиров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер