Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кундузбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Сел жүрүп, стратегиялык жол сегиз сааттай жабык турду”

Кундузбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Сел жүрүп, стратегиялык жол сегиз сааттай жабык турду”

27-июнь, 23:47
395 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Кундузбек Кошалиевич, бүгүн сиз ДЭУларга техника бөлүп берүү боюнча маселе көтөрдүңүз. Аларда эмне, техника жетишсизби?

-Жаңы келген техникалар бар да. Былтыр, быйыл да келди. Ошолорду транспорт министрлиги “Кыргызавтожол” деп түзүп, түндүк жана түштүк борбор деп бөлүп, мобилдүү иштегенге кармап атышпайбы. Ал эми табигый кырсыктар болгондо техника жетпей калууда. Бишкек–Ош жолу – бул стратегиялык каттам. Кечээ күнү ал жолдун үч жеринен 30 миң кубдан ашык сел түшүп, 8-9 сааттай жол жабык турду. Ошон үчүн мен ДЭУларга техника бөлүп бергиле деп маселе көтөрүп жатам. 

-ӨКМдин өзүнүн техникалары бар да?

-Жок эмес, бар. Бирок, атайын техникалардын баары түндүк, түштүк сыяктуу борборлордо болот. Ал эми кырдаал оорлоп баратканда... Ошон үчүн ДЭУларга да техниканы бериш керек. 

-Кандай дейсиз, транспорт министрлигине реформа керек го?

-Реформа баардык жерге керек. Кыргызавтожолду” жаап, түндүк, түштүк борбор катары кайра ачып атышпайбы. Эч кимисинде эсеп ачылбай, канча кыйналышты...   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер