Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Бакетаев: “Кысталыштан пайдаланып Трампты, Путинди, Токаевди кетирүү аракетинде”

Бакыт Бакетаев: “Кысталыштан пайдаланып Трампты, Путинди, Токаевди кетирүү аракетинде”

24-июль, 13:15
934 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Президентке, бийликке өзгөчө нааразычылык, терс пикирлер күч алып кетти. Мунун себеби эмнеде?

-- Өлкөдөгү кырдаал акыркы убакта көңүл жылытарлык эмес. Бир жагынан жугуштуу илдет шаштыны алса, экинчи жагынан айрым саясатчылардын саясый оюну так ушундай кысталыш учурда күчөп, элге дүрбөлөң салууга аракеттер пайда болууда. Илдеттин жайылышын бийликтин алсыздыгы катары көрө билгендер ал пикирин коомчулукка таңуулашып, бийликти кулатуу чакырыктарын жасап жатышат. Коронавирус илдетинде бүгүнкү күндө жалгыз Кыргызстан эле эмес, дүйнөнүн өнүккөн, алдыңкы өлкөлөрү да бул дарттын алдында алсыз болуп калышты. Бир гана бизде эмес, башка өлкөлөрдө да бийликке жетпей калгандар абалдан пайдаланышып, элди бийликке каршы тукуруп жатышат. Мисалы, америкалыктар Трампты, орустар Путинди, казактар Токаевди кетирүүнүн аракетинде. Аны жасап жаткандар – бийликке барууну көздөгөндөр. Кайсы өлкөдө болбосун бийликти алууну самагандардын ниет-тилеги, аракет-максаты окшош. Алар кандай кырдаал болбосун аны бийликтин терс сапаты катары көрсөтүп, элдин нааразычылыгын жаратууга уста. 

“Бийликти кулатып, жаңы бийликти алып келүү менен эле илдеттин тамырын кыркып салабыз” дегендер жаңылышат. Илдет өз убагы келгенде, өз жолу менен кетет. Тарыхта эл башынан нечен апааттарды өткөргөн: чума, холера, оспа, эбола ж.б. дарттар канчалаган калк башына каран күн түшүргөн. Анын баары өттү-кетти, мында бийликтин алмашуусунун, бирөөнүн кетип, экинчисинин келүүсүнүн тийешеси жок. Бүгүнкү күндө жалаң “бийликке барабыз” дегендер эле эмес, эл арасындагы “паникёрлор” да дүрбөлөң салып жатышат. 

-- Бийликти кулатууга аракет жасагандар кимдер?

-- Азыркы бийликти кулатууга чакырык жасагандардын баары эптеп эле орунду бошотуп, ага өз кишисин коюуну көксөгөндөр. Бирок, алардын биринин да куру кыйкырыктан башка кыйын кырдаалдан чыгарып кетүүгө көзгө көрүнөрлүк жарытылуу жасаган иши жок. 

Ошолордон “сен эмне кылдың? Элге, жерге кандай пайда келтирдиң? Канча дарыгерге жардам бердиң? Канча бейтаптын ажатын ачтың?” деп сурасаң, бири да ооз ача албайт. Анткени алардын кылганы – куру кыйкырык, бирөөнү бирөөгө каршы тукуруу, терс чакырыктарды жасоо. Бизге азыр бөлүнүүнүн, айрым бир саясатчылардын саясый оюнунун курмандыгына айлануунун кереги жок. Андан көрө ынтымакты, биримдикти туу тутуп, бирибиз экинчибизге жардам берип, кыйын кырдаалдан чыгып кетүүгө умтулушубуз керек. Жок дегенде бири-бирибизге жылуу кебибизди айталы. Бул күн да өтөт, тынч убакка жетип алгандан кийин баарын кайрадан эстеп, баа беребиз: ким паникёр болду? Ким унчукпай өз ишин татыктуу аткарды? Ким кыйын кырдаалдан пайдаланып өз максатын ишке ашырууга аракеттенди? – эл баарына тараза. 

Учурда күнөөлүүнү издеп убакыт да, күч да коротпой, болгон дараметти илдетти жеңүүгө багыттап, өкмөттү, бийликти жамандабай, аларга колкабыш кылуу зарыл. Бул үчүн  бири-бирибизге колдон келишинче жардам берип, ашыкча басып-турганды токтотуп жана иммунитетти чыңдоо жетиштүү. Илдетти жеңүү ар бир жарандын кызыкчылыгындагы нерсе болуп, баарылап аракет кылуубуз абзел.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер