Акыркы кабарлар
» Саясат » Ахматбек Келдибековдун духу бийик, жакын арада кайтып келери айтылууда
Ахматбек Келдибековдун духу бийик, жакын арада кайтып келери айтылууда
15-март, 23:20

Соңку убакта экс-спикер Ахматбек Келдибеков боюнча ар кандай имиш кептер айтылууда. Бирок, ал баштагыдай эле саясатта орточул, калыс позицияны карманып келатканы белгилүү. Алмазбек Атамбаевге жакындатуу, төңкөрүш уюштурууга байлоо “жарлыктарын” четке кагып жатыптыр. Билермандардын баамында, анын духу бийик, жакын арада Кыргызстанга кайтып келери болжонууда. Ал эми кайсы бир күчтөр Ахматбек Келдибековду интригага түртүп, куугунтукта калтырууга кызыкдарбы? Убакыттын өтүшү менен көп нерсе ачыкталчудай...
"Азия Ньюс" гезити