Актилек Гүлжигит кызы: “Шайтандын суусу аялдык бакытымды уурдады!”
Теле алып баруучу өткөн турмуш үзүмдөрү менен баракчасына бөлүштү.
"Кар бапылдап жаап жатты. Суук. Шумкарбегим колумда, тун уулум эми баскан. Аны жетелеп алгам. Үчүнчү уулум курсагымда. Барар жерибиз жок. Ата-энем алыста...
Үшүдүк. Балам ыйлактап, колдору муздады. Жолдун четине чыгып, үшүгөн колдорун оозума сала калдым. Санаам санга бөлүндү. Каякка барабыз? Үйгө кайра барганга болбойт. Арак үй-бүлөмдүн түбүнө жетмей болду. Шайтандын суусу балдарымдын балалыгын, менин энелик, аялдык бакытымды уурдады! Үйүмдөгү кутту качырып, дүйнөмдү тарытты!
Ал түнү балдарым менен үйүнө түнөтүп, коломтосунун жылуулугун, бир кесе тамагын, сындырым нанын бөлүшкөн үй-бүлөгө ич-ичимен ыраазы болуп, дуба кылып жүрөм...
Турмуштук жолумда Кудай мени көп жакшы адамдарга жолуктурду. Аларды караңгы жолума чырак, нөшөрлүү күндөрүмдө жамгырдан калкалоочу кылып жиберди. Ар бири жүрөгүмдө...
Турмуш өзү чоң мектеп... Өткөндү эстеп, бүгүнкү күнгө ыраазы болуп турмай бар..."