10, 20, 30 жылдыктарды өткөрүү – эскинин калдыгыбы?

Негизи өнүккөн өлкөлөрдөн мындай майрамдык жосундарды көрбөйбүз. 10, 20, 30 жылдыктарга чогулуу менен таң-тамаша өткөрүү эскинин калдыгыбы? Андай эле акчалары ашып-ташып атса, кайрымдуулук иштерин кылышсын, же мектептерге керектүү жабдууларды алып беришсин, айтор, жакшылык жаратышсын да! Ага болбой эле жасалма түр көрсөтүшүп, карызга автоунаа алышып, же прокатка минишип, утурумдук мактанычтарды кылып жүрүшөт. Ушундайлар топтошуп алышып, “ачкыл сууга чумкушуп”, анан ар кандай кылмыштарга кириптер болуп атышат го? Акыры бири-бири менен мушташып, аялдарын сабашып, жол кырсыктарына кабылышып, кыскасы, жыйынтыгында кейиштүү көрүнүштөр да жок эмес. Бул майрам баягы эле ашыкча чыгым келтирүү, ысырапкорчулук эмеспи? Негизи жогорку аң-сезимдеги атуулдарыбыз 10, 20, 30 жылдыктарга чогулушпайт экен, андайлар бийик ойлонушуп, жаратмандык иштерди жасашат тура...
"Азия Ньюс" гезити