Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турсунбек Акун: “Кыргыз эли, жарандык коом авторитардык режимдин орношуна жол бербейт”

Турсунбек Акун: “Кыргыз эли, жарандык коом авторитардык режимдин орношуна жол бербейт”

12-январь, 20:04
958 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Укук коргоочу, Борбор Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча конгресстин координатору Турсунбек Акун менен Казакстандагы бир жыл мурунку нааразычылык акциясынан тутунган окуя боюнча баарлаштык. 

-- Турсунбек агай, казакстандыктардын жүрөгүнүн үшүн алган, абалды жөнгө салуу үчүн ЖККУ аскерлерин киргизген кандуу окуяга туура бир жыл болду. Кошуналарыбыздагы окуялардан сабак ала турган жагдайлар барбы? 

-- 2022-жылы Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарындагы социалдык нааразычылык тополоңго айланып, анын кесепетинен бир топ адам каза болуп, жапырт камоолор орун алган окуядан Кыргызстан да сабак ала турган жагдайлар бар. Ошон үчүн биз алардын катачылыгын кайталабашыбыз керек. Тагыраагы, элди жапырт камаган окуяда нааразычылык күч менен басылды. Ошон үчүн дүйнөлүк коомчулук (БУУ, Америка, Англия, Европа) бул окуяга кайдыгер карап, баш-оту менен кийлигишпей койду. Себеби, бул боюнча он жылдык соттук териштирүү башталып, окуялардын көп жактары жарыяланган жок. Анткени, нааразылык акцияларынын жыйынтыгы алда канча кейиштүү болуп чыкты. Коңшу мамлекеттин башчысы үч чоң ката кетирди, алар физикалык жана материалдык эмес чоң жоготууларга алып келди. 

-- Ал кандай катачылык? 

-- Токаевдин биринчи катасы – өз жарандарын террорист деп атаганы болду. Минтип айтканы туура эмес. Анткени “архитекторлору” Назарбаев менен Токаев болгон көйгөйлөрдөн улам эл көчөгө чыкты да. Экинчи катачылыгы – митингчилерге эскертүүсүз ок атууга буйрук берди. Олуттуу үчүнчү катасы – элдин нааразылыгын басуу үчүн Казакстандын аймагына ЖККУну киргизгени акылга сыйбады. Бул жагдай мамлекеттеги суверендүүлүккө шек келтирди. Бийлигин сактап калыш үчүн эркин мамлекет экенине карабай өлкөсүнө башка мамлекеттин куралдуу күчтөрүн киргизди. Бизде канча революция болсо да, кандай кыйынчылыкты өткөзсөк да, президенттерибиз эч качан башка мамлекеттин куралдуу күчтөрүн киргизген эмес. Себеби, башка өлкөлөр ички ишибизге кийлигишпесин дейбиз. Кыргыздар ушул жагынан казактарга салыштырмалуу көп жагыбыздан суверендүү экенибизди көрсөтө алдык. Мен муну Казакстан эли менен эң жакын дос болгонубуз үчүн гана айтып жатам. Анткени, эң ачуу чындыкты бири-бирибизге айтышыбыз керек. 

-- Мындай окуялар Кыргызстанда кайталанбашы үчүн биз кандай маселеде сак жана кыраакы болушубуз керек? 

-- Биздин мамлекеттик жооптуу кызматтагылар Казакстандын режими Борбор Азиядагы баардык мамлекеттерге таасирин тийгизип жатканын түшүнүшү керек. Тагыраагы, Казакстандын катасын кайталабоого жетишкенде гана Кыргызстандын тарыхый жолун жакшы жакка өзгөртө алат. Президент, жооптуу кызматтагылар да жапырт камоого каршы турушу зарыл. Анткени, Кемпир-Абад окуясы боюнча укук коргоо органдарынын мыйзам бузуулары президенттин жана саясый элитанын имиджине таасирин тийгизди. Ошондуктан бизде укук коргоо органдары менен сот системасын реформалоо керек. Бул азыркы бийликке мамлекетибиздеги мурунку режимдердин фонунда өзгөчөлөнүүгө жардам берет. Кемпир-Абад окуясынын катышуучуларына жолугуу үчүн расмий органдарга арыз жаздым, абактагылар менен байланышып, алардын абалын сурап, укуктары сакталып жатканын текшериш керек деген маселе көтөрүп жатам. Азырынча жооп келе элек. Бирок, биздин бүгүнкү маегибиз Кыргызстандын бийлиги үчүн пайдалуу маалымат. Токаев элин жапырт камап, өз элине каршы ок аттырбай, сүйлөшүү жолу менен эле чечсе болмок. Бирок ал күчтүн жолун тандап алды. Мындай кайгылуу окуялар Кыргызстанда орун алышын эч ким каалабайт. Айтайын дегеним, биз демократиялык Кыргызстанды түздүк. Демократиялык процесстердин аркасында элдин ыктыяры менен мыйзамсыз камакта жаткан саясатчы өлкө президенти болду. Эми жапырт камоолор аркылуу Кыргызстандын демократиялык имиджин жоготуп албайлы

-- Казакстанда бул окуядан кийин өзгөрүү болдубу? Анткени, Касым-Жомарт Токаев жаңы Казакстанды куруп жатабыз деди го?.. 

-- Казакстандагы январь окуяларынан кийин бир аз гана өзгөрүү болду. Тагыраагы, Конституция алмашылып, бир адамдын диктатурасы жоюлду. Мурун бир адам кайра-кайра президент боло берсе, азыр президенттер бир гана мөөнөт шайланары Конституция менен бекемделди. Бирок, чын дилден өзгөрүү болгон жок. Ошон үчүн фамилиялар жана шаардын аттары гана өзгөрдү. Авторитардык режим, кландар мурдагы бойдон эле калды. Токаев аныгында Нурсултан Назарбаевдин мүлкүн казып, аны мамлекетке кайтаруу боюнча чечкиндүү аракеттерди көргөн жок. Себеби, ага кландар жол бербей жатат. 

-- Ал эми Өзбекстандын президенти чечкиндүү кадамдарга бара алдыбы же ал деле Каримов кетирген катачылыктарды кайталап отурабы? 

-- Ал киши чечкиндүү экен. Ошон үчүн канча жылдан бери чоң маселеге айланган чек араларды тактайлы деп, мурда жабылган чек ара посттордун баарын ачып салды. Мамлекеттер ортосундагы мамилени бекемдөөгө аракет жасап, башка мамлекеттер менен мамилени күчөттү. Ошондой эле Өзбекстандагы кыргыздарга жакшы мамиле жасап, кыргыз айылдарын куруп берди. Улутчулдукту мурдагыдай ачык көрсөткөн жок. Бул жагынан Өзбекстандын президенти жакшы кадамдарды жасай алды. Бирок, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан дагы шайлоолордо чыныгы атаандашты чыгарышпайт. Ошон үчүн Борбор Азияда Кыргызстан гана демократиянын аралчасы деген атка конгон. Бизден башкасынын баары оппозицияны кууп, камап, жок кылып салышат. Ал эми бизде баарын эл өзү чечет. Кандайдыр бир деңгээлде эл башкарып жатат десек болот

-- Кыргызстанда дагы авторитардык режим орноп калышы мүмкүнбү? 

-- Кыргызстанда авторитардык, диктатордук режимди орнотууга эч кимдин акысы жок. Кыргыз эли, жалпы жарандык коом, өкмөттүк эмес уюмдар авторитардык режимдин болушуна жол бербейт. Кандай режим менен жашашыбыз керек экенин жалпы референдумдун негизинде чечип келебиз. Ошон үчүн президент эч качан өз элинин тандоосуна каршы чыкпайт деген ойдомун. Авторитардык режимди кимдир бирөөлөр кааласа да, эл ага жол бербеши шарт. Анткени, президент – Конституциянын, адам укугун коргоонун гаранты. Акыркы учурдагы оппозициянын жапырт камалышы, соттордун аракети, укук коргоо органдарынын коркутуп-үркүтүүлөрү, прокуратуранын катачылыгы – мунун баары убактылуу көрүнүш. Президент баарынын аша чапкан иштерине бөгөт коюшу зарыл


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер