Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кожобек РЫСПАЕВ, ЖК депутаты: “Профсоюздагы коррупция ТЭЦтегиден да ашып кетти”

Кожобек РЫСПАЕВ, ЖК депутаты: “Профсоюздагы коррупция ТЭЦтегиден да ашып кетти”

25-октябрь, 09:52
549 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кожобек мырза, профсоюз уюмунун ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзулгөнү жатат. Бул мекемеде кандай калпыстык иштер бар экен?

-- Профсоюз бирикмеси негизи аябагандай коррупциянын очогуна айланган, эл нааразылыгын арбыткан мекемеге айланды. Булардын иши менен мурдараак түзүлгөн жумушчу топ иштеп жатат. Демилгечилер улам мыйзам алып чыккан сайын жаңы-жаңы жагдайлар чыгууда. Мүлктөрү, алардын сатылып кетиши боюнча жагымсыз иштер улам чууруп чыгып келет. Суроо узатсак, жооп жок. Демек, бул жерде коррупция эбегейсиз ашынып кеткен, биргелешкен коррупция бар. Ошон үчүн “парламенттик комиссия түзөлү” деп мен протоколдук тапшырма бергем. Комитетте каралды, “комиссия түзүлсүн” деп чечим кабыл алып берди. Эми Жогорку Кеңеште ошол комиссиянын курамы добуш берүү менен бекитилет. Андан ары өз ишибизди алып барабыз. 

-- Профсоюздарды башкарып жаткан 29 киши жөнүндө сөз кылдыңыз эле, алар кимдер? 

-- Профсоюз уюму союз маалынан калган. Илгери союз маалында профсоюздун күчү абдан чоң болчу. Ал убакта профсоюздар өз ишин так аткарчу. Азыр эми ошонун бири жок. Мүлктөр мамлекетке өтүп, демократиянын агымы менен рынокко өтүп, жашоо шарт өзгөрдү. Бирок, профсоюз ошондогу мезгил менен калып калды да, ошондогудай эле тартипте жашап келатат. Мамлекеттик жумушчулар маянасынын эсебинен 1% өлчөмүндө төлөм төлөп беришет. Бул деген негизи адамдын эрки менен болуш керек болсо, азыр бизде андай эмес. Билим берүү, саламаттык сактоо тармагындагылардан милдеттүү түрдө кармап калып жатышат. Эң башкысы, аларга путевка (эс алууга же дарыналууга жолдомо) берилбейт. Берилсе да өтө аз санда. Мындан башка белек-бечкек же дагы башка кызматтар көрсөтүлүшү кажет. 1%дан чогулуп отуруп, 1 млрд. сомго жакын акча чогулуп жатат. Ал акча кайда кетип жатат, эсебин билген киши жок. Отчет берилбейт. Профсоюз бирикмесинде директорлор кеңешинин 29 мүчөсү бар. Мына ушулар чогулуп отуруп алып, көп иштерди каалагандай калчап жасап жатышат. 

-- Уюмдун карамагындагы айрым мүлктөрдүн сатылып кеткени айтылып жатат. Депутаттык комиссия буга кандай аракеттерди көрөт?  

-- Мына ушул сатылып кеткен мүлктөрдү дагы жанагы 29 адам чогулуп, өздөрүнүн уставаны таянып сатып, же бир нече жылга ижарага берүүнү чечишет экен. Карап көрсөк, чоң-чоң пансионаттар сатылып кеткен. Мисалы, “Саякатты” 49 жылга ижарага берип салышкан, бул “сатылды” деген эле сөз. “Достуктун” 43 пайызы акционерлерге өтүп кеткен. Абшыр-Атадагы пансионат, Чолпон-Атадагы “Голубой Иссык-Куль” пансионаты, “Ала-Тоо” пансионатындагы жерлер сатылып кеткен. Азыр бизге кайрылуулар келип атат. “Жалал-Абад” курортунда мурда иштеп кеткен кызматкерлер ал жерде коррупция гүлдөп кеткенин айтышууда. Бир туугандар, классташтар, досторун кызматка коюп, мафиянын туу чокусуна жетиптир. ТЭЦ бул жакта эле калгандай көрүнүп турат. Мунун баарын иликтейбиз. Мамлекет болгондон кийин 29 кишини талтаңдатып, мүлк маселесин алар каалагандай чечтирбей, мамлекетке керектүү иштетсек кандай болот (?) деген сунуштар бар. Бул тармакта акчалар текке кетип, оңду-солду чөнтөктөргө солонуп жатса, эмнеге биз акча издейбиз? 1%дан эл чогулткан акчага медицинага жабдыктар алынса, ооруканалар оңдолсо, мектептер салынса, ушунун баары профсоюздун иши болбойбу! Мугалимдерден эле 1%дан чогулуп отуруп, 150 млн. сомдон ашык чогулат. Аз камсыз болгон, үйү жок мугалимдерге үй алып берсе, профсоюз кылган болбойбу! Каражаттарды рационалдуу түрдө туура колдонолу (!) деген эле жакшы ой. Ал эми сатылып кеткен объектилер боюнча укук коргоо органдарына тапшырма берилет. Депкомиссиянын курамына укук коргоо органдарынан мүчө киргизилип, бухгалтериядагы жана башка документтер алынат. Ошондо булардын былык иштери, бытылдаган коррупциясы ачыкка чыгат. Ошонун алдын алып, беттырмарлык кылып, бизге асылып, ырбатып алышты. Ырбаганы жакшы болду. Кантип, кандай жол менен жеп аткандарын ачыктайбыз эми. 


Динар ТУРДУГУЛОВА,

“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер