Биз кыргыздар кимбиз?
“Азия Ньюс” гезитинин 2023-жылдын 6-январында жарык көргөн санында Мукан Усубакуновдун “О.Айтымбетовдун “Кара Кыргыз” же Б.Турал, Б.Акынбаев сыяктуу чала тарыхчылар боюнча” аттуу макаланы окуп чыктым. Анда “Орозбек Айтымбетовдун “Кара Кыргыз” деген 5 томдукта биздин ата-бабабыздан калган каада-салтыбыз, тарбиябыз, үй-бүлө күтүүбүз, турмуш тиричилигибиз баа жеткис үлгүсү болуп саналат (башка элдер үчүн)” деп келип, “менин айылдаш агам Орозбек Айтымбетовдун 5 томдон турган “Кара Кыргыз” тарыхын окуган жок белеңиз?” деп Б.Туралды кекетип, ал эми Б.Акынбаевди “окусаң болмок эле” деп омуроолойт.
Ошентип, Мукан Усубакунов биздин заманга чейинки 8 миң жыл мурун Угуз бий менен Угуз хан аталарыбыз кыргыздардын өз-өзүнчө турган 40 уруусунун башын бириктирип, саясый-согуштук тартипте Ала-Тоо жакты “Оң” канатка, Алтай жагындагыларды “Сол” канатка, экөөнүн ортосундагыларды “Ичкилик” деп атап, ушундан кийин Кыргыз мамлекети түзүлүп, бириндеп жүргөндө кытай баскынчылары каалагандай чаап алып, талап-тоноп кетүүлөрүнө сокку урганын тарыхый фактылар менен жазып, кыргыз элинин “Кыргыз” деп аталышы кырк урууну “угус” деп айтсак эле “кыргыз” деген сөз чыгарын айтып, эмне үчүн азыркы кыргыз тарыхчылары, окумуштуулары Орозбек Айтымбетовдун 5 томдугун окубайт?” деген таарынычын айтыптыр. Ошондуктан мен бул макаланы окуп алып, кыргыз окурмандарына кайрылгым келип турат.
Урматтуу кыргыз элим!
Биз өзүбүз кыргыз жараны катары эгемендүү Кыргыз Республикасында жашап, жети атабызды билип, ошол эле 40 уруунун бири экенибизди билсек да, мен дагы ошол жети атанын нак кыргыз экенин, анын ичинен улутум кыргыз, уруум кытай деп жүрөм. Бирок, кыргыздардын ата-тегин, кыргыз деген ким, ал кайдан чыккан, кантип кыргыз аталып калган, кыргыздардын кандай себептер менен “Оң”, “Сол” жана “Ичкилик” болуп бөлүнүп кеткендигин тийешелүү тарых барактарынан, санжырадан, легенда-уламыштардан көп биле бербейт экемин. Эмесе, мен билген далилдерди тизмелеп көрөйүн:
1. Белгилүү мамлекеттик ишмер, мурунку мамкатчы, тарыхчы Дастан Сарыгулов жазган “Кемилген китеп – кетилген кыргыз” деген китебинде кыргыз элинин тарыхта бардыгы мындан 4000 жыл мурун эле белгилүү болгон деп жазган.
2. Тарыхчы Белек Солтоноев өзүнүн “Кызыл кыргыз тарыхы” китебинде окумуштуу Радловдун изилдөөсүнө таянып, “кыргыз” деген сөз кырк кыздан чыккан, аны кытайлар өздөрүнүн китеп булактарында “кыйкыз” деп жазып алышып, “кыргыз” деген сөз болуп жүрбөсүн деп түшүнүп, ошол кыргыздар бизден мурун 2000 жылдагы согушта Египетти жеңип алган деп жазган.
3. Бухарадан, кийин Уфадан билим алган кочкорлук Осмоналы молдо Садык уулунун “Кыргыз тарых Шадмания” китебинде Угузхандын 24 небересинин ичинде “Кыргыз” жана “Казак” аттуу балдардын аталгандыгы, мындан 2000 жыл мурда эле болгондугун келтирген.
4. Бейшеналы Жамгырчиев “Кыргыз туусу” гезитинин 2010-жылдын 2-ноябрдагы санында котормочу Омор Соороновдун изилдөөсүнө таянып жазгандай, Нух пайгамбарыбыздын Яфас деген баласы болуп, андан Карахан, Карахандан Огузхан (Угуспу?), Огузхандан Моголхан, Моголхандан үч бала төрөлгөн экен. Анын бир баласынын небереси Лархан экен. Лархандан айтылып жүргөн Долонбийдин Арку Келиш деген баласынан Бозулан төрөлүптүр. Бозуландан Ак уул жана Кара уул. Ак уулдан Адигине, Тагай, Наалы эже. Кара уулдан Кытай таралган деп жазыптыр.
5. Биз экөөбүз 1960-жылы мен Токтогулдан, Сатылган Жорупбеков Жайыл районунан Москвага барып окуп, мен Автомобиль жана жолдор институтун, Сатылган болсо белгилүү Ломоносов атындагы университетин аяктадык. Анан 2017-жылы 6-жолу басылып чыккан “Кыргыз ким?” деген китебине Г.Мамбеталиеванын макаласына таянып, “биз кыргыздар Адам ата, Умай (Ева) эненин тукумдары экенбиз. Топон суу алааматынан аз болсо да аман калып, кырылбай, акырында “Кыргыс“з” атка конуп, тоо чокулап, суу башында көчүп-конуп жүргөндүктөн, “эл башы болгуча, суу башы бол” деген макал ошондон калыптыр.
6. Ошол эле Г.Мамбеталиева “Свободные горы” гезитинин 1996-жылдын 10-февралдагы санына жазган макаласында “илгери, Адам атанын тукумдары топон суу катастрофасынан аман калып, кырылбай, ошондогу азыраак эл тоодогу суунун башына көчүп барып аман калышыптыр. Ошондуктан мындай аз калган эл кырылбай “Кыргыс“з” атка конуптур. Ошол эле себептен кыргызда “Эл башы болгуча, суу башы бол” деген макалды кайталап келтирген.
7. Билимин Египет, Тунис, Кувейттен алган санжырачы Усейин ажынын айтуусунда (Кытайда туулган), кыргыздар 1127-жылы экиге бөлүнүп, “оң” жана “сол” уруулары пайда болуптур. Айтылып жүргөн Долон бий Кытайда жашап, түрмөгө түшүп, анан Тянь-Шанга келиптир. Кийин Долон бийден эки эгиз бала төрөлүп, биринин аты Ак уул (оң канат). Экинчисинин аты Куу уул (сол канат). Долон бийдин көзү өткөндөн кийин азыркы Нарын тараптагы ашуу “Долон” деген ат ошондон калыптыр.
8. Дагы бир санжырада кыргыздардын кыргыз жерине кошулгандарды “Оң канат”, Кашкардан келгендерди “Сол канат” деп алышкан имиш.
9. Тарыхчы Н.Аристов “кыргыздардын эки канатка: “Оң”, “Сол” деп бөлүнүшү алиге чейин “туман бойдон калууда” деп жазган.
10. Дагы бир санжырада кыргыздар Хун элинин Күү уулунан тарап, “Оң” канат болуп, ал эми Дин Лин элинин Ак уулунан тарагандар “Сол” канат болуп калган имиш.
11. Кыргызстандын илимдер академиясынын тарыхчылары В.Мокрынин менен В.Плоских 1995-жылы орус мектептеринин 8-9-класстары үчүн чыгарган “Кыргызстандын тарыхы” окуу китебинде “Самое первое дошедшее до нас о кыргызах встречается в китайских источниках к 201 году до нашей эры. Именно в это время мощное государство Гуннов (Хуннов) во главе С Маодуном завоевано ряд землей (Северо-западная Монголия) где существовало “Владения Кыргызов”. Андан ары ал кыргыздар жөнүндө Кытайдын летописинде жазгандай, биздин эрадан 99 жыл мурун ошол “Кыргыз владениесин” кытайлык Ли Лин деген согуш жетекчиси башкарып турган деп жазып, төмөндөгүдөй түрк легендасын, божомолун калтырган. Анын кыскача мааниси: “На маленькое племя напали враги. Живых остался только один мальчик. Враги отрубили его обе руки и бросили в болото. Настала ночь. Умирая улавливал плач шакалов. На краю болота возникло огромная волчица. Она ухватила мальчика и вытащила из болота. Накормила своим молоком. Мальчик вырос под защитой волчицы, превратился в красивую юношу. Только рук его не было, и людей не видел, сидел на берегу горной речки, думая корькую думу, спал. Когда проснулся перед ним стояла прекрасная девушка. Спросил “кто ты?” “я богиня реки, пришла спасти твой народ от вечного забвения. Теперь если хочешь я стану твоей женой”. Через некоторые время враги убили юношу, а волчица убежала в гору Алтая. Там родила 10 сыновей. Самый ловкий по имени Ашина остался на Алтае и от неё произошли древние тюрки. Другой из них по имени Кыргыз стал правит на народом Енисее...”. Ушул жерден менде мындай суроо пайда болду “эгер түрктөрдүн ата-теги Ашина болсо, ал эми кыргыздардын башчысы Кыргыз болсо, анда биздин ата-тегибиз ошол тоодон келген карышкырдан төрөлүп, “кыргыз” атка конгонбузбу?” деп арданып калдым.
12. Ошол эле тарыхчы Б.Жамгырчиев “Кыргыз туусу” гезитинин 2010-жылдын 5-ноябрдагы санына жазган макаласында санжырачы Б.Солтоноевдин айтуусуна таянып, “Сатыкеден эки эркек бала төрөлүп, алардын Ак уул аттуу баласы энесинин оң жагында жатып чоңоюп “Оң” канат. Ал эми Куу уул аттуу баласы энесинин сол жагында чоңойгондуктан “Сол” канат болуп бөлүнүшкөн” деп жазыптыр.
13. Тарыхчы Бартольд өзүнүн “Киргизы, исторический очерк” китебинде “Кыргыздардын өңү – көздөрү көгүш, сары чачтуу, монголоид түрүндөгү эл болгон” деп жазган.
14. Тарыхчы О.Караев өзүнүн изилдөөсүндө “кыргыздар Борбор Азиянын, Саян тоолорунун түштүгүндөгү, түндүк-батыш Монголиядагы аймакта отурукташкан. Хундар бул жерде 150 жылга жакын жашашкан. Алардын уруусу Гянь-Гун уруусунан болуп, өңү кызыл, чачы сары, көзү көк болгондугун жазат.
Акырында, биз эми кыргыздардын ким экенин издеп, кайсы тоого барып такалабыз? Же Орозбек Айтымбетовдун 5 томдугун окусак эле жетишерликпи? Же биздин тарыхчылар дагы так изилдешип, жыйынтык чыгарып, бир бүтүмгө келишеби? Деги биз кыргыздар кимбиз?..