Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлшайыр Садыбакасованын 19 жаштагы уулу эмнеден каза болду?

Гүлшайыр Садыбакасованын 19 жаштагы уулу эмнеден каза болду?

26-август, 12:13
1 509 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын эл артисти, легендарлуу “Кыз-Бурак” тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасованын жалгыз уулу, ырчы Сайкал Садыбакасованын иниси Эркин каза болгондугу тууралуу суук кабар маалымдалган. Ал эми окуянын чоо-жайы жөнүндө толук билүү үчүн “Кыз-Бурак” тобунун мурунку солисти, ырчы Азалия Дүйшөналиевага байланыштык.

“Эмне болгонун өзүбүз дагы түшүнбөй калдык. Болгону 19 жашта эле го... “Азалия эже”, “Сайкал эже” деп “эжекелеп” жүрчү. Абдан элпек бала эле (ыйлап). Мындан мурун “жүрөгү ооруп, дарыланып жүрөт” дегенин угуп калчумун. Көрсө, кечээ, 25-августта саат 9-10дордо жүрөгү токтоп, ошондон көз жумуптур. 

Учурда, Гүлшайыр эжеке Ошто. Биз Бишкекте Сайкал, туугандары менен өлүкканада жүрөбүз. Азыр Ошко алып кетебиз. Бүгүн жерге берилет болуш керек” дейт болгон окуяга ишенгиси келбеген ырчы айым.

Ал эми Эркин өзү дагы бир нерсе сезгендей, Инстаграм баракчасынын тарыхча бөлүмүнө акыркы ирет “Оюн бүттү” деп жазган.

“Барс медиа”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер