» Саясат » Садыр Жапаров өлкөдөн табылбай, талкуу жаратты
Садыр Жапаров өлкөдөн табылбай, талкуу жаратты
08-январь, 19:30
821 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Жаңырган жылдан соң, 2-январда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев каймана иретинде кеп таштап, “Кыргызстанда гана эс алам, чет өлкөгө иш сапар, же ооруганда барам” деген таризде маек берди. Анан эле башка жагы, коомчулук чурулдап эле жатып калышты. Аныгында, “саясый жебе” кайсы жакка атылды? Мамлекеттик ЖМКлар обон созушуп, “Садыр Жапаров резиденцияда үй-бүлөсү менен жаңы жыл тосту...” дегендей таризде каңкуулашты. Актанышып. Ал эми атайын кызмат анын өлкөдө экенин тактаган жок. Эгерде президент Кыргызстанда болсо, өзү чыгып элге көрүнүп коймок да. Демек, ал жокпу? Эми жылуу аралдарга эс алганы кетсе кеткендир, бирок маалыматты бурмалашпай, ачыктап эле коюшча не? Кылмыш кылып атты беле?