Үч кызым менен ажырашып, эмне кылууну билбей отурам

Балким менин жазганым эч кимди кызыктырбайт, же кимдир бирөөлөргө сабак болор... Күйөөм экөөбүздүн жашаганыбызга беш жыл толду. Үч кызыбыз бар. Жаңы үйлөнгөндө анын байлыгына кызыккан эмесмин. Аябай катуу сүйүпмүн. Ата-энем нааразы эле. “Кой, бизге жакпады. Биздин теңибиз эмес, жакшы баладай көрүнбөйт” десе да болбой тийип алгам. Баш кошкондон кийин Москвага барып иштедик. Башында аябай кыйналдык, акча табуу оңой эмес экен. Андан кийин күйөөм соода иштери менен алектенип, бизнеси жүрүшүп кетти. Ал аралыкта мен да үч кызымды удаа төрөп, үйдө отуруп калдым. Үчүнчү кызымды төрөгөндө гана күйөөмдүн ким экенин билдим. Жеңил-желпи бир аялды тандап кетти. Кызымдын кыркын чыгарганы үйүмө алып келип салды. Абалыбызды бир сурап койбоду. Чалсам албайт, ачуум келип СМС жаздым. Ошондон соң адвокат чалып, ажырашууга кол коюп берүүмдү айтты. Шок болуп калдым. Күйөөм мени телефондон “кара тизмеге” киргизип салган. Үч кызымды ойлоп да койбоду. Али эсимди жыя албай, нес болуп отурам. Эмне кылууну билбей башым катып жатат. Не билгени бар экенин билбейм. Сиздерден кеңеш күтөм. Ушундай да адамдар болобу?
Арууке
"Азия Ньюс" гезити