Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канат Сагымбаев: “Кой-Таш окуясы боюнча сот – саясый иш”

Канат Сагымбаев: “Кой-Таш окуясы боюнча сот – саясый иш”

22-июнь, 18:02
715 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги сот отурумунда мага карата айыптоо корутундусу угузулду. Буга чейин мага коюлуп жаткан ар бир айып боюнча макул эместигимди билдирип келгем. Ага карабай, бийлик мени менен соодалашуу аракетин дагы да улантууда. Тергөө менен кызматташууга барсаң, эркиндикке чыгасың” деген сунуштарды эми үй-бүлөм аркылуу айттырып жатышат. Бирок, менин ар-намысым экс-президентке жалган жалаа жаап, эркиндигимди сатып алууга жол бербейт. Оор жана эң оор 11 берене менен айып коюп жатышат. Баардыгы ойдон чыгарылган. Менин күнөөм жок экендигин дагы бир ирет баса белгилеп кетким келет. 

1. “Бийликти күч менен басып алууну уюштурган деген айыптын өзү эле акылга сыйбаган нерсе. Бул берененин коюлушу түздөн-түз саясат менен байланыштуу. Тергөө менен кызматташууга барган экс-президенттин айрым тарапташтарын балким, кыйноо жолу менен жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлашкан. 

2. Массалык башаламандыктардын уюштуруучусу жана жетекчиси деген айып дагы ойдон чыгарылган. Башаламандыкты мен эмес, бийлик атайылап өзү уюштурду. Болбосо, күч органдарынын экс-президентти бир дагы адам жабыркабагандай кылып алып кетүү мүмкүнчүлүгү бар болчу. Мыйзамсыз штурм анык провокация болгон. 

3. Адамды барымтага алуу беренеси менен коюлуп жаткан айып дагы чоң күмөн жаратат. Альфа кызматынын 6 кызматкерин атайылап алып кетишкен эмес. Бул жагдай бийликке Атамбаевге карата дагы куралдуу чабуул жасоого мүмкүнчүлүк берди. 8-август күнү күч түзүмдөрү тараптан өкүл келбегендиктен, өз күчүм менен аларды Кой-Таштан чыгаргам. Ошондо алтоо тең мага ыраазычылыгын билдиришкен. Азыр белгилүү себептер менен чындыкты айта албай жатышат. 

4. Адам өлтүрүүгө жардам кылган деп күнөөлөп жатышат. Үсөн Ниязбековду ким өлтүргөндүгү мага да табышмак. Альфачылардын берген көрсөтмөлөрүнө ылайык, Ниязбеков үйдүн биринчи кабатында ок жеген. Мен болсо экс-президент менен бирге үчүнчү кабатта болчумун. 

5. Адам өмүрүнө кол салуу беренесин дагы коюп жатышат. Бул калп. Аны колунан жараат алган кызматкер мени менен болгон беттештирүүдө экинчи кабаттан ок жегенин өзү айткан. Ал учурда мен жогоруда белгилегендей үчүнчү кабатта элем. 

6. Кийинки айып – сол ийинине СВД куралынан ок тийген жоокердин өмүрүнө кол салды деп жатышат. Биринчиден, мен курал кармаган эмесмин. Экинчиден, эгер СВД мылтыгынан ок тийсе, анда адамдын 150-200 грамм этин жулуп кетмек. Экспертизанын жыйынтыктарын – кийимин, ок тийген жердин сүрөтүн дагы көрсөтпөй коюшту. 

7. Зомбулукту уюштуруучу деген берененин мага кандай тийешеси бар? Тергөө Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловго карата зомбулук уюштурган деп мени айыптап жатат. Курманкулов 7-август күнү көчөдө жарат алган деп жүрөт. Мен эч кимге эч кандай буюртма берген эмесмин. Тескерисинче, үйгө кирип келген ачууланган элди токтотууга аракет кылгам. 

8. Тергөөнүн ишине тоскоолдук жаратты деген айыпка мындай жооп берет элем: штурмга киргенде, биз тергөөдөн келдик деп эч ким айткан эмес. Бандиттерче эле басып киришти. Мен өз кызматымды гана аткардым. Экс-президенттин өмүрүнүн кепилдигине мен жооптуу элем. Анын башынан бир тал чач түшүрбөй, мага жүктөлгөн милдетимди так аткардым. 

9. Алмазбек Атамбаевди күч менен алып кетүү үчүн келген кызматкерлерге карата зомбулук уюштурган мен эмес, мыйзамсыз буйрук берип, куралсыз элге каршы коюп, андан кийин таштап кеткен Орозбек Опумбаев күнөөлүү. 

10. Мен кызматтык абалымды кызматтын кызыкчылыгына каршы колдонгон жокмун. УКМКнын бир кызматына каршы экинчи кызматты койгон жетекчи жооп бериши керек. Андай болсо, мени чакыртып алышы керек эле. 

11. Курал-жарак, ок-дарыларды уурдоо беренеси менен коюлган айып дагы орунсуз. Тескерисинче, “альфачылар элге тарттырып жиберген курал-жаракты чогултуп, бекитип койгом. 8-август күнү баардыгын Курсан Асановго өткөрүп бердим. 

Жогоруда мага коюлган айыптардын баардыгын четке кагам. Баардыгы бийликтин буйругу менен болуп жатат. Сот баардыгын күнөөлүү деп чечим чыгарары айдан ачык. Соттук териштирүүнүн дагы жабык өтүп жатышы ушундан кабар берет. Судья Марат Сыдыков биздин сөздү аңдабай, тескери кетүүдө. Бул дагы бир жолу Кой-Таш окуясы боюнча сот саясый иш экендигин тастыктайт.


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер