Күйөөгө тийбей калдым. Каргышпы же кара дубабы?


Мен жолдошум менен сүйлөшүп жүрүп турмушка чыктым. Жакшы жашадык, бир кыздуу болдук. Төрөгөндөн кийин кыркым чыкпай, күйөөм каза болуп калды. Мен төркүнүмдөн барганча кайнатам сөөктү көмдүрүп салды. Күйөөмдү акыркы жолу көрө албадым. Ошентип айлар өттү, кайненем ыраазычылыгын айтып, мени төркүнүмө жиберди. Баары ыраазы менден. Ошентип төркүндө жүргөнүмдө жуучу келип жүрдү. Башында аябай каршы чыктым. Бирок ата-энем кыйнаганынан макул болуп, жылдыгы өткөндөн кийин турмушка чыкмай болдум. Жылдыгы да өттү. “Эртең келип алып кетебиз” дегенде, анын мага чейин бир эмес эки жолу үйлөнгөнүн билдим. Башынан эле ал жигит жага берген эмес. Дароо айныдым. Бирок “алып кетебиз” деп келген эже-жеңелери каргап кетишти. “Кара дуба окутабыз. Өмүр бою күйөөгө тийбейсиң!” деген каргыштары алигиче кулагымда. Андан бери арадан он жыл өттү. Жашым отуздан өттү. Чындап эле турмуштан жолум болбоду. Каргышпы же кара дубабы? Кандай кылсам болот?











