Ал акыркы ирет терезени ачып, күзгү жамгырга шыбырады...

-- Жамгырды угам... Уктуңбу?
-- Мен аны көрүп турам, - деп шыбырады ал алакандары менен терезеге таянып.
Түнкү лампалардын жарыгынан боёлгон ээн көчөнү карап, ал терезени ачып, муздак жана жагымдуу дем берүүчү сергектикти искеп, мүмкүн болушунча терең жана кеңири дем алды. Шыбырады.
-- Өкүнүчтүү... Жаз эмес. Өкүнүчтүү, жазгы жамгыр эмес, күзгү жамгыр гана болгону өкүнүчтүү, бирок экөө окшош... Билесиңби, жазгы жамгыр жакшылыкка жарчыдай. Жаңы бир нерсе, ал кардын эришине жардам берет, бутактар бүр ачып, анан... анан көз жоосун алган сулуулукту тартуулайт. Гүлдөр ачылат. Айланаң гүлгө оронот. Ал эми күзгү жамгыр... коштошуп жаткандай сезилет, кандайдыр бир суук... жагымсыз. Жалбырактардын баары саргайып түшүп, муздак шамалга каалгыйт.
-- Ооба, күзгү жамгыр коштошуп жаткандай...
Бул биздин акыркы сүйлөшүүбүз эле.
Алия
"Азия Ньюс" гезити