Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көлбаевдин өлүмүн териштирүү Ташиев менен Зулушевдин мамилесине суу себеби?

Көлбаевдин өлүмүн териштирүү Ташиев менен Зулушевдин мамилесине суу себеби?

27-октябрь, 20:13
789 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

УКМКнын аскерлери тарабынан Камчыбек Көлбаевдин атылып өлтүрүлүшүн аскер прокуратурасы иликтеп, мыйзамдуулугуна баа берерин Садыр Жапаров билдирген. Азырынча кандай таризде иш жүрүп жатканы коомчулукка белгисиз. Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кадамына кызыккандар да арбын болууда. Аз күн мурун баласына байланыштуу компроматка үндөш маалыматтар чыгып кеткени – УКМК тарабынан жасалган басымбы? Элита чөйрөсүндө ар кандай кептер козуп, талкуулар жаралууда. Акыр аягы Камчыбек Ташиев менен Курманкул Зулушевдин тирешүүсү орун алып, бири-бирине карата чабуулдар башталбайбы? Ооба, учурда так кесе бүтүм чыгара албайбыз. Бирок көзгө көрүнбөгөн оюндар от алып отуруп, соңунда кандайдыр бир “жарылууга” жеткизбейби? “Көкөтөйдүн ашы, көп чырдын башы” деп айтыла келгендей, Көлбаевдин өлүмүнө байланыштуу окуянын аягы жаңжалга айланып кетүүсүн да болжогондор жок эмес. Төбөлдөрдүн пикир келишпестикке барганы да бекер жерден айтылбагандыр... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер