Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Фейсбукта” маселе жаралып, өз баракчаларына кире албагандар арбыды

“Фейсбукта” маселе жаралып, өз баракчаларына кире албагандар арбыды

05-декабрь, 10:42
570 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда социалдык тармактарда Фейсбук баракчасын колдонгон адамдардын саны жүз миллиондоп саналат.

Кечээ, 4-декабрда "Фейсбук" социалдык желесинде дүйнө жүзү боюнча мүчүлүштүк жаралып, жакшы иштебей калгандыгын айтып, колдонуучулар нааразы болушууда.

Бул тууралуу популярдуу интернет ресурстардын ишине көз салган "Downdetector" сервиси маалымдады. Байкоолорго караганда, Фейсбукту колдонгондордун 49% желе иштебей жатканын айтса, 29% өз аккаунттарына кире албай калганын, 21% желе биротоло өчкөнүн билдиришти.

Кечээ күнкү мүчүлүштүктүн чоо-жайы азырынча маалым эмес. Ал эми Кыргызстандагы колдонуучулар да бул тармактын жакшы иштебей жатканы тууралуу башка баракчаларга жазып чыгышкан.

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер