Акыркы кабарлар
22:58
22:29
» Саясат » Эмил Узакбаевдин коррупциялык иштери тергелип атабы?
Эмил Узакбаевдин коррупциялык иштери тергелип атабы?
26-сентябрь, 09:00

“Камчыбек Ташиевди коргоо” уюмун түзүп жүргөн Эмил Узакбаевдин артынан былыктары чыгып, атайын кызмат тарабынан кылмыш иштери козголдубу? Бизге жеткен маалымат боюнча, ал бир убакта Жалал-Абаддагы винсовхоздун техникаларын, цистерналарын жана 300 гектардай жерин сатып ийгени айтылууда. Бул жагын расмий органдар ырастап, элге жарыя кылышабы?
Таңгаласың да, Эмил Узакбаев эмне эле трайбалисттик бирикме түзүүгө далалаттанып, жагынып атат десек, көрсө, артындагы былыктарын жашырууга ашыкканбы? Камчыбек Ташиевдин “мен тууганга, доско да жан тартпайм. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштейм” дегени реалдуу турмушта далилденип атканы ушулбу? Эми иштин соңу кандай өнүгөт? Жыйынтыгын күтө турууга мажбурбуз.
"Азия Ньюс" гезити