Түн бир оокумда көңүлдөшүмдү сагынып, ыйлап чыгам...
Биз бир үй-бүлө болгонубуз менен бактылуу эмеспиз. Уулубуз үчүн жасалма күн кечирип келебиз. Күйөөм башканы жактырып жүргөндө ата-энеси кыстап, мени алып бериптир. Баш кошкондон тарта мага дайыма орой мамиле кылып, кагып-силкип, жүрөгүмдү оорутчу...
Көп өтпөй бир адамды жолуктурдум. Сүйлөшүп, мамилебиз тереңдеп кетти. Аны көрбөсөм куса болом. Жашоо мага башкача сезилип, айланамдагылар да менин бактылуу болуп жүргөнүмдү байкашты. Бирок...
Ага чейин күйөөмдөн кош бойлуу элем. Аргасыз жашоомдо пайда болгон сүйүктүү көңүлдөшүмөн кол үздүм. Бирок аны дайым ойлойм. Түн бир оокумда ойгонуп, аны сагынып ыйлап чыгам. Уулум үчүн кайра ал сезимди унуткарам. Күйөөмдүн мамилеси мурдагыдай эле орой. Уулун жакшы көргөнү үчүн гана мени кармап жүрөт. Мен эмне кылышым керек?
Лаура