Акыркы кабарлар
» Саясат » Кыйын кырдаалда Мирбек Мияров Чүйдөн лидер катары чыга алабы?
Кыйын кырдаалда Мирбек Мияров Чүйдөн лидер катары чыга алабы?
21-ноябрь, 19:52
1 287 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бийликке каршылык көрсөтүшкөндөр, Кемпир-Абад маселесинде упай алышкандар камалышты. Саясатчылар, бейөкмөтчүлөр жана блогерлер. Баардыгы отузга чукул. Ошентип, башты тобокелге салгандар абакта калтырылганы маалым. Коомчулук бир аз тынчый түшкөндөй... Мындай шартта Чүй облусундагы орто звенодогу уюшкан жаштар лидер табышпай, экс-губернатор Мирбек Мияровго токтошорун каңкуулашууда. Бирок “ишенген кожо” сак-сактап, акырын басып, жай сүйлөп, бир балээни сезгендей образ күтүп алыптыр. Ачык пикирин айта алабы, же ыңгайды күтүп жата береби? Арты таза болсо чыкса керек. Тар чөйрөдө демдүү болуп калганына караганда...
"Азия Ньюс" гезити