Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубанычбек Исабеков: “Президенттин “ни рыба, ни мясолор” менен тупикте калдык”

Кубанычбек Исабеков: “Президенттин “ни рыба, ни мясолор” менен тупикте калдык”

23-июль, 13:55
5 629 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты, мурунку вице-спикери менен маек.

-- Кубанычбек мырза, бүгүнкү күндө коронавирус илдети дүйнө эли эле эмес кыргызстандыктарга да катуу таасирин тийгизип атат. Сиз да жакында ушул илдеттен “ооз тийип” калдыңыз. Өлкө ичиндеги абалга көз салып атсаңыз керек?

-- Өлкө ичиндеги абал абдан катуу. Мен ушинтип эле айтам. Жакында Россия президенти В.Путинге кайрылдым, “Россиянын эл аралык аренада авторитети абдан чоң. Дүйнөлүк маселелер силерсиз чечилбейт. Силердин экономикалык, аскердик потенциалыңар алдыга өсүп атат. Кыргызстан сиздер менен стратегиялык өнөктөшпүз. Кыргызстанда төрөлүп калганыма абдан сыймыктанам. Анткен менен коронавирус бир эле өлкөдө эмес, бүт ааламды каптап, баарына оор тийди. Биздин өлкөдө экономикалык жана социалдык абал кыйын болуп турат. Эки өлкө жүздөгөн жылдардан бери бирбиз. Коргоо министриңер Шойгу жакшы иштеп атканы бизди да кубандырып атат. 12 облуска бир айдын ичинде инфекциялык оорукана куруп койду. Москва облусуна эле жетини ишке киргизди, заманбап, баардык керектелүүчү жабдыктары менен. Бизге да эски аэропорттун жанына экини жана Ош шаарына бирди 500-1000 орундук кылып куруп бергенди карап көрбөйсүзбү? Сизди терең урматтоо менен...” деп жазып койдум. Бул иш меники эмес президенттики, өкмөттүкү экенине карабай. Болбоду дегенде биздин спикер алардын спикерине кайрылса болот эле да, аны ким кой деп атат. Жадагалса Кумтөрдүн президентине кайрылдым. Жети-Өгүздө бир да “тез жардам” унаасы жок. Эски эки машине экөө тең бузулуп жатат. Ал жакта да биздин жарандар ооруп жатыптыр, жашырып-жаап эл билбей атат. 

-- Шайлоону жылдыруу шылтоосунун артында эмнелер бар?

-- “Шайлоо” десе элдин кыжыры келип атат. Ооба, 4-октябрда бул депутаттардын мөөнөтү бүтүш керек. Эгер мындай эле жылдырабыз дешсе, мамлекет буларга пособие, премиальныйы менен төлөгөнгө мажбур. Ошондуктан президентке сунуш айтайын деп атам. “Аппарат жетекчиңизди чакырып туруп, спикерди, фракциялардын жетекчилерине “сиздердин мөөнөтүңөр бүтүп атат. Арызыңарды жазгыла да 1-октябрдан баштап кеткиле” деген.  Элдин кыжырын келтирбей кетиши керек. Ансыз да пресс-службасы жазып атат, “төраганын айлыгы 30 миң сом, орун басарыныкы 27 миң, катардагы депутаттар 25 миң алат” деп. Булар кимди алдайт? Мен билгенден каникулга тарап жатып зарплатасын толук алышты. Отпускноюн кошуп туруп, лечебныйын алды, премиальныйын, представительский расходун, командировочный расходун, канцелярский расходун алды. Төрага 500 миң албаса да точно 400 миң сомду алды деп ойлойм. А өкмөт болсо жыргап жатат, парламентке күндө чакырылбай, тепки жебей калышты. 

Акыбал өтө начар, пикке жете элекпиз. Борборубузда эле ушундай болуп атат, ал эми айылдарды айтпай тек коёлу. Ал жерде же оорукана, же аптека жок, дарыгерлердин тартыштыгын баарыбыз билебиз. Свет жетпеген, сотка тартпаган айылдар бар бизде. Жакында эле Казакстан Россияга кайрылды эле, алар беш самолет дарыгерди медикаменттери менен жиберди. Медиктер баардык жерде жетишпей жатат. Айла жоктон медучилищенин студенттерин айдап атышат. 

-- Мындай учурда сиздин позицияңыз кандай?

-- Мындай учурда кайдыгер боло албайм. Ата-бабамдын сөөгү ушул жерде. Кыргыз жаранымын. Бала-бакыра, неберелерим бар. Бул өлкөдө жашагым келет. Бирок мындай акыбалда эмес, мындай алсыз бийликтегилер менен эмес. Албетте, кемчилик баарыбызда бар. Эл азыркы бийликке ишенбей, өзү менен өзү болуп калды. Жанды күйгүзгөнү – саламаттык сактоо министринин “КОВИД менен ооруган ар бир адамга 3 миң доллар акча сарпталып, айыгып атат” дегенине эч ким ишенген жок. Ал эми кээ бир саясатчылар турду, “булар бизнес жасап жатат” деп. Эми караңыз, былтыр ноябрь айында КОВИД Кытайда пайда болгондон кийин эле ойгонуш керек болчу, “кокуй, мына, коңшу мамлекетте ушундай илдет пайда болуптур” деп. Ошондо эле алдын ала чара көрүү иштерин башташса болмок. Мен мамлекеттин душманы эмесмин, бирок, “бала ыйлабаса эмчек кайда?” дейт, биз айтпасак ким айтат?! Азыр бир-экөө президентке ачуу чындыкты айтып койсо, аларды күчкө салып кечирим суратып атпайбы, ошол эле учурда бүткүл кыргыз элинин оозун жаба албасына толук көзүм жетип турат. 

-- Күздөгү парламенттик шайлоо өтүшү керекпи же арыраак жылсынбы?

-- Эгер ушундай абал күзгө чейин кармалып турса, эл парламенттик шайлоону уруп ойнобойт. Любой киши “против” салат. Азыр айыл жеринде жаман илдет жаңыдан башталып аткан кези. Ал илдеттин туу чокусу август айына келип калат. Сентябрда сөөк коюп, бир тобунун каңырыгы түтөп турган болот. Анан октябрда шайлоосун өткөрөт, бийлик административдик ресурс же башкасын колдонуп, будамайласа, бирөө от чагып ийсе, кайра төңкөрүш, кайра ызы-чуу болсо эмне болот? Юрист катары айтайын, “президент кетсин” деп атышпайбы, эгер президент кетсе, мамлекет башына төрага келет, мыйзамыбыз ушундай. А эл азыркы төрага менен иштегилери келеби? Жеке мен каалабайм. Анан эмне кылалы? Ойлонолу да! Кел, Конституцияны өзгөртөлү. Президентке бийликти бериш керек да, андан сураш керек. Эгер андай болбойбу, анда бийликти өкмөткө берели. Жакшы өкмөттү апкелип, бирөөнү коюп туруп, жоопкерчиликти берип, Жогорку Кеңешти кетирели. Премьер-министрге президент да жолтоо болбошу зарыл. Биз азыр тупик абалга кептелип калдык. 

-- Тупиктен чыга турган жолу барбы, мүмкүн президентке сунушуңуз бардыр?

-- Мыйзамдык жолу бар. Биз демократиялык өлкө болгондон кийин президент, төрага, премьер-министр үчөө чогулуп туруп, элге ачык айтышы керек, өзгөчө президент “айланайын элим, пандемия дүйнө жүзүндө болуп аткан маселе. Оор болуп атат, анын ичинде бизге. Кыргызстан өлүм боюнча 1-орунга чыгып калдык. Жан кейиштүүсү тынччылык маалда ушунча кишибизден айрылдык. Күнөө бизден кетти, кечирим сурайбыз, кемчилик жок эмес! Эми айланайын элим, бүгүндөн баштап биригели. Мобуну жасайбыз. Баш ийип бергиле. Муну силерден суранам жана талап да кылам. Тартипти сактайлы, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы” деш керек. Анан юридикалык жагына өтүү кажет. Азыр чамынып шайлоону өткөрбөй, президент өзү “жоопкерчиликти өзүм алайын, мобу статьяларды өзгөртөлү. Жаңы жылга чейин мобу иштерди аткарайын, жоопкерчиликти мойнума алам” деп Жогорку Кеңеш өзгөртүп берсин да октябрдан баштап аларды “досвидание” кылган оң. Бул менин президентке карата сунушум.

-- Бычакка сап боло турган жигиттерибиз, жаңы жүздөр барбы, көрүп атасызбы?

-- Андай болбой атат десек туура эмес болуп калат. Азыркы бийлик андайларды болтурбай атат дегенибиз туура го. Сиз азыркы эле өкмөттүн курамын көрүп атасыз. Туура, мунун ичинде бычакка сап боло турганды мен да көрбөй турам. Президент өзүнөн күчтүү адамдардан жанына алган жок. Ошон үчүн жанындагы “ни рыба, ни мясолор” менен отуруп калдык. Биз эмнеге аларды карашыбыз керек? Сооронбай Шарипович кадр саясатын эбак эле өзгөртүш керек эле. “Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз, шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз” дегендей, жанагы “кыйратам, ойсуратат элем” дегендерден карап көрүп, “давай иште” деп мүмкүнчүлүк берсе болмок. Мындай нерсе дүйнө жүзүндө баардык өлкөлөрдө практикаланып келген жана оппозициялык партия өкүлдөрүнөн текшерүүчү органдарды, финансы каражаттарын көзөмөл кылган кызматтарга коюш керек болчу. Азыр бирөө-жарым “мына мен жоопкерчиликти алам, бул ишти алып кете алам” деп айтып атабы? Эч ким жок. 

-- Саламаттык сактоо министри жана орун басары туурасында кабарыңыз барбы?

-- Фейсбуктан дүйнө жүзүндөгү эң кымбат чоң авиакомпаниянын бири болгон Германиянын Люфтганзанын (Lufthansa) самолетун коюшуптур. Анан биздин саламаттык сактоо министри жана орун басары ооруп калыптыр. “Ошолор эң кымбат самолетту заказ кылып, Герменияга дарыланганы учуп кетиптир” деген маалыматты окудум дагы, “эгер андай болсо Кудай аларды кечирбейт” дедим. Бирок, тактоо иретинде чыдай туралы. Жөн эле карандай жалааны жаап, жаман көрүнө бербей. Ошол эле маалда саламаттык сактоо министрлигинин пресс-кызматы эмдигиче бул боюнча жооп жаза элек. Чынбы же калппы, белгисиз. Өздөрү да ушу кезге чейин унчукпай аткандан эл “булар акмак экен, биротоло ошол жактан келбей калсын, жоголсун. Булар чыккынчылар, эл душманы!” деп сөгүп атат. Каңырыгы түтөп, атасын, апасын, бир тууганын, жакындарын ушул илдеттен жоготуп, кайгы жутуп жазып аткандарын мен да түшүнүп турам.

Ушул маселеге мен да кызыктым, өткөн жумада саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевге телефон чалганымда, “министр жана орунбасар экөө тең биздин эле инфекциялык ооруканда жатат” деп айтты. Анан мага суроо туулду: эгер биздин ооруканада жаткандары чын болсо, “мына мен бу жакта элемин” дешип оорукананын терезесинен кол булгап, телевидениеге чыгып коюшса болмок да. Менде Мадамин Каратаевге ишенбегендей негиз жок. Жалган маалымат тараткан фейктерди адамгерчиликке чакырат элем. Азыр ушундай оор кырдаалда элди бириктириш керек. Башка айла жок. Министрге, орун басарына ден соолук каалап кетким келет. Тилекке каршы, бир да депутат же өкмөттөгүлөр ооруканаларга барып коюшкан жок. Өз көздөрү менен көрүп, жетпей жаткандарын толуктап коюшса жакшы эле болмок. 

-- Сиз да бу илдетке кабылдыңыз...

-- Ооба, кабылдым. Жети бир тууганымдын алтоо ооруканада үй-бүлөсү менен жатат. Байбичем ооруду. Жакындарыбызды жоготтук. Ушундай болуп калды... Эми чыдайлы. Элимди кайраттуулукка, сабырдуулукка чакырат элем. Бул ооруну биримдик, ынтымак, тартип менен жеңбесек, баарыбызга кыйын болуп турган кез. Эли-журтума тынччылык, ден соолук жана бакубат жашоо каалайм!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер