Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Президент мыйзамды оңдоп, өз партиясын түптөшү керек”

“Президент мыйзамды оңдоп, өз партиясын түптөшү керек”

20-ноябрь, 11:39
1 290 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кыргызстандын президентинин өзүнүн саясый партиясы болушу керек, болбосо бул бир топ оор кесепеттерди алып келет”. Мындай пикирин саясат талдоочу Бакыт Бакетаев билдирди. 

“Шайлоо кампаниясынын жүрүшүн байкап жатып, менде биздин президент Өмүрбек Текебаевге, Адахан Мадумаровго жана башка оппозициялык партияларга жардам берип жаткандай таасир калтырды. Анткени, президент, министрлер кабинетинин төрагасы, УКМК башчысы, мамлекеттик катчы жана коопсуздук кеңешинин катчысы – аткаминерлердин кимиси кайсы бир партия үчүн үгүт жүргүзсө, же аны кайра кызматка келбей турган кылып бошотушарын же кылмыштын оор-жеңилдигине карабай козгой турганын тынбай айтышууда. Аны күн сайын бийликти колдоочулар кайталап жатышат. Мындай абалда жакында бийликке караштуу партиялар да оппозицияга кетип калышы мүмкүн. 

Жыйынтыгында, парламентте бир гана оппозициялык партиялар калат, алар бир жылда Эдил Байсаловду когнитивдик диссонанска жеткирип, а экинчи жылы президентке импичмент уюштурушат” деди ал. 

Эксперт белгилегендей, көптөгөн цивилдүү өлкөлөрдүн мамлекет башчылары өзүнүн партиясынын колдоосуна таянат. 

“Алтургай демократиянын борбору болгон АКШда президенттин өзүнүн партиясы бар жана ага ачык эле үгүт жүргүзөт, анткени өз партиясынын колдоосу менен ал мыйзам чыгаруу саясатын жасайт. Эмнеге биз “президенттик партия болбошу керек, мамлекет башчысы партиядан сырт болушу керек” деп эки жүздүүлүк кылып жарыялап жатабыз? Кандай болгон учурда да, президент кайсы бир тарапка ыктайт. Эгер ал оппозицияга лоялдуу болсо, аны “ошол тараптык” дешет, эгер бийликти колдогон партияларга таянса, демек, өзүнүн партиясы бар болуп калат. Де-факто ушинтип пайда болууда. 

Партиялык түзүмдөн кача албайбыз, андан алыстоо – жөн гана формалдуулук. Мисалы, эгер ошол эле Мадумаров президент болсо, анын “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын программасын, мүчөлөрүнүн пикирин тааныбай каларына ким ишенет?” деп суроо салды Бакетаев. 

Сөзүнүн аягында политолог Кыргызстанда президент өз партиясын түптөөгө ылайыктап, мыйзамды оңдоо керектигин белгиледи. 

“Ошондо президент партиясы жана ал жүргүзгөн саясат үчүн жоопкерчиликти алат. Азыр ал эч ким үчүн жоопкерчиликтүү эмес” деп кошумчалады. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер