Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Маймыл чечеги оорусу Европанын дагы эки өлкөсүндө катталды

Маймыл чечеги оорусу Европанын дагы эки өлкөсүндө катталды

01-июнь, 21:12
1 669 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Норвегия менен Венгрияда Африкада чыккан маймыл чечек оорусу расмий түрдө катталды. Маалыматты чет элдик басылмалар жазышты.

Венгриянын саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Сесилия Мюллер өлкөдө маймыл чечек оорусунун биринчи учуру катталганын билдирген. Анда оору 38 жаштагы адамдан табылган. Анын акыркы убакта чет өлкөгө чыгып келгени текшерилүүдө.

Ал эми Норвегияда маймыл чечек оорусу табылган жаран жакында эле Европа өлкөлөрүнө барып келген. Норвегиянын саламаттык сактоо министрлиги оору аныкталган бейтап менен байланышта болгондорду изилдеген. Оорунун жайылып кетүүсү азырынча төмөн.

Буга чейин Нигерияда ушул жылдын жаз мезгилинде эпидемия башталгандан бери маймыл чечек оорусунан алгачкы бейтап каза тапкан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер