Садыр Жапаров ниети таза, руху бийик, үлгүлүү президент болоруна ишенем
2024-жылдын 30-августунда өтө салтанаттуу, шаан-шөкөттүү түрдө “Ынтымак Ордо” аталышы менен Акүйдүн жаңы имараты ачылды. Ачылыш аземи урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун куттуктоо сөзү менен башталды. “Ынтымак Ордо” имаратынын ачылыш күнү Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык юбилейине, эгемендүүлүккө, көз карандысыздыкка ээ болгонубузга 33 жылдык мааракесине, Кыргыз Республикасынын желегин 100 метр бийик деңгээлге көтөргөн күнгө туш келип жатат. Бул туш келүүлөр жакшылыктын, келечекте боло турган ийгиликтердин жана түбөлүк ынтымактын белгиси.
Ошол жаңы Акүйдүн ачылыш мезгилинде көпчүлүктүн арасынан жети аксакалыбызды президентибиздин иш бөлмөсүнө атайын чакырышып, Садыр Нургожоевич Жапаровду Кудайым буюрган жаңы “алтын тактысына” отургузуп, Кыргызстандын Баатыры Камчыбек Ташиев Акүйдүн келечеги, президентибиздин ийгилиги үчүн үч аксакалдан ак бата тиледи. Биринчи болуп КР Баатыры, Кыргыз мамлекетинин үч жолку премьер-министри Апас Жумагулов, КРнын эки жолку Баатыры Таштанбек Акматов, анан эки жолу баатырлыкка өтпөй калып, үчүнчү жолу сунушталганда гана Кыргызстандын Баатырлыгына татыктуу катары табылган Миталип Мамытовдор бата беришти. Ошондо берген батамды кененирээк гезитке жазгым келди.
Сый тамактын аягында жалпы элдин алдында Кудайымдын атынан, Кыргыз элимдин атынан, Кыргызстандын мусулмандарынын атынан азирети муфтий Азизбек ажы өзүнүн батасын берди.
Эгин бышканда күз болот, эсептин башы жүз болот, а жүздүн үчтөн бир бөлүгүн кошкондо дагы жүз дегендей, биздин ыйык желегибиз жүз метр бийиктикте, жайыктыгы отуз үч метр кенендикте, чексиз космостогу мейкиндикте эркин желбиреп калды. Орто Азияда, КМШда, же Европада мындай бийиктикте, мындай кооздукта желбиреген желек жок болсо керек. Ошондуктан мен айткым келет: кыргызымдын тарыхы терең, келечеги кенен, жасаган иштери белен, менин өлкөм 33 жылдан бери эгемен, мен берген бата жөнүндө сөз болсун кенен.
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Ачылып жаткан Ак үйүңүз акжолтой болсун, чечимдериңиздин негизинде кыргыз элиңиз бай болсун, улуу Кыргызстаныңыз ар дайым бар болсун!
Кыргызстаныңызга кандайдыр бир кокустук болсо:
Кыргыз элиңиздин оозунда он атар бар
Кыргыз элиңиздин белинде беш атар бар
Кыргыз элиңиздин оң колунда кылыч бар
Кыргыз элиңиздин сол колунда найза бар.
Ыйгаралып берилген президенттик мөөнөөтүңүздө:
Башыңыздан Алтын таажы түшпөсүн,
Астыңыздан Алтын такты жылбасын,
Чечимдериңиздин негизинде элиңиз өнүп-өссүн,
Жериңиз жаркырап-жайнап гүлдөсүн,
Манастын ырын жан элибиз жыргатып үндөсүн,
Элиңиздин оң колунда комуз болсун,
Элиңиздин сол колунда кымыз болсун,
Асманыңда жаркыраган жылдыз болсун.
Окуган китеби, даанышманы Чыңгыз болсун.
Сизди колдогон ак калпактуу кыргыз болсун.
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Тойлоруңуз ар дайым баталуу болсун,
Атыңыз ар дайым аталуу болсун.
Уул-кыздарыбыз апа-аталуу болсун,
Минген тулпарыңыз Аккуладай такалуу болсун,
Элибиз ар дайым бактылуу болсун,
Башчыбыз ар дайым тактылуу болсун.
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Кыргыз элиңиз өзүнүн президентин качырбасын
Кыргыз элиңиз мурдагыдай ок менен атылбасын.
Кыргыз элиңиз бүт дүйнөгө чачылбасын
Кыргыз жериңиз башка өлкөгө сатылбасын.
Кыргыз элиңиз өзүнүн президентин камабасын
Качан камактан чыгат деп санабасын.
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Мен сизге бата берип жатканда жети (7) гана кыргыздын улуу инсандары болгон. Сиз атайылап көптүн ичинен жетөөнү тандадыңызбы билбейм, бирок, бул жерде терең маани камтылган. Жети (7) деген сан кыргызда өтө ыйык сан. Элибизде улуу сөз бар: “Жетинин бири Кыдыр” деген. Бирок, биз ошол жерде жетөөбүздүн ар бирибиз Кыдыр болгондой сездим. Ошондуктан мен айткым келет, сизди, жолдош президент, Манастын жети осуяты баштасын,
Ысык-Көлдүн жети олуясы жолдосун,
Кыргызстандын жети облусунун кыргыздары колдосун
Ар жуманын жети күнү ар дайым коштосун.
Кулагыңызга музыканын жети нотасы угулуп турсун
Көзүңүзгө Асан-Үсөндүн жети нуру көрүнүп турсун.
Жердин жети кабаты эсен-соолукта көтөрүп турсун
Асмандагы жетиген жылдыздын нуру чачылып турсун.
Жети атаңызды таанып жүрүңүз,
Жети өлчөп бир гана кесиңиз.
Атанын салтын сактай билиңиз,
Эненин сүтүн актай жүрүңүз.
Оомийин!
Эми ыйыктуу, ырыстуу “Ынтымак Ордонун” ачылыш аземинде пайда болгон ойлорумду сиздер менен бөлүшкүм келди. Мен айткым келет, элибиздин башындагы таажысы, астындагы тактысы – ынтымак. Ынтымагың жок болсо, элден ырыс качат, ынтымагы жок элден ыйман качат, душманы басат. Ынтымагың жок болсо, элден мүлк качат, хандан күч качат, карындаштан кыйыр качат, чынардан чайыр качат, жыйганын чачат, азаматтан мал качат, аргымактан жал качат. Ынтымагың жок болсо, өз элиң бөтөн элге кул, кыздарын күң болот, белден береке кетет, берекеден бөрк качат, Ысык-Көлдөн көрк качат.
Биздин президентибиз айткандай, эң кымбат байлыгыбыз – бул көз карандысыз мамлекетибиз, эгемен элибиз, жашап турган жерибиз. Мындан артык бакыт, мындан өткөн байлык жок. Кыргыз элим ар дайым кандайдыр бир ийгиликке жеткенде өзүнүн желегин мурдагыдан да бийик деңгээлге көтөргөн. Бийиктеги желбиреп турган желек эгемен элибизге, өз мекенибизге болгон сүйүүнү өрчүткөн, мамлекеттүүлүктү сактаганга дем берген. Намыстуу гана эл өзүнүн бактысын эгемен болгондо гана сезет жана аны сактаганга умтулат.
Ар кандай бөлүнүп-жарылуудан (түштүк-түндүк, кыргыз-калмак, уруу-улут ж.б.) алыс болуп, акылды асырап, ата-бабаларыбыздын каада-салтын, нарк-насилин сактап, ар дайым Адамман (дух инсан), Кыргызман (кыргыз инсан), Манасман (Манас урпагы), Мусулман (Кудай инсаны) деп жүрүүгө аракет кылышыбыз керек. Ушул жерден баса айта турган нерсе – Жаратмансыз жакшы жашоого жетем деп ойлобойлу, Теңиримсиз башкалар менен тең болууга теминбейли, Кудайымсыз күчтүү коом курууга кууланбайлы, Алласыз адилеттүү турмуш орнотууну ойлонбойлу. Мындай текеберлик өзүн-өзү алдоо менен барабар.
Адамдын арыбас жашоосунда Алла Таалам адамды өзү жараткандан кийин эле адамга үч улуу дөөлөттү буюруп койгон: Ата-энени, Ата мекенди, Эне тилди. Ошол улуу дөөлөттөрдү элибиз үч түрдүү жомогу, үчилтик Манасы, үч бурчтуу жылдызы, үч кылдуу комузу, үч даамдуу кымызы, үч бурчтуу тумары менен сактап, муундан муунга мурастап келе жатат. Ушул үч улуу табериктен кыргыз элим жандүйнөнүн азыгын алып, Кудайым буюруп койгон жазыгын көрүп, кагып койгон казыгын аздектеп жашап келе жатат.
Сиздер билесиздерби, кыргызымдын ыйыгы – жараткан Кудай, бийиги – Адам баласы, байлыгы – айтылган сөз, башаты – мекен, байрагы – кызыл туу, урааны – Манас, улуту – кыргыз, караганы – жылдыз, кармаганы – комуз, суусундугу – кымыз, суктанганы – сулуулук, урматы – улуулук, аяны – түш, күткөнү – конок, баяны – жомок, таптаганы – күлүк, сактаганы – мүлк, салганы – бүркүт, энчиси – эрмек, тураары – боз үй, тамгасы – чамгарак, мингени – жорго, ойногону – ордо, санаасы – ой, тагынганы – тумар, салганы – шумкар, талпынганы – тулпар, бермети – Ысык-Көл, бешиги – Ала-Тоо, байрагы – кызыл туу, басмасы – Эркин-Тоо, эңсегени – эркиндик, башындагы таажысы – ак калпак, астындагы алтын тактысы – ынтымак.
Ушундай кыргызымдын баалуулуктарынын баарын баамдап, байый түшөсүң, айтып атып агара түшөсүң, тактап атып тазара түшөсүң, төгүлө айтып алып толо түшөсүң, баарын өлчөп атып өзгөрө түшөсүң. Булардын баарын угуп атып кулагың кубанат, ойлоп атып оюң ойнойт, айтып атып тилиң сайрайт, көңүлүң көтөрүлөт, ашказаның тойбосо дагы башказаның тоёт, жанказаның жыргайт, канказаның кайнайт.
Кыргыз элим илгертен бери өзүнүн турмуш эрежелерин бузбай, өзгөртпөй, тескерисинче, сактап, улантып, байытып келе жатат. Караңызчы, кандай сонун көрүнүш – жайлоодо жыргап жайлаган, жылгада жылкы айдаган, желеде кулун байлаган, сабада кымыз саабалган, короодо кою маараган, казанда эти кайнаган, сыйлык алса майлаган, багында булбул сайраган.
Кыргыз ынтымак, достук принциптерин жогору коюп, майда-чоңуна, улут-уруусуна карабай бооруна тартып мамиле курду, ынтымак дегенде бекем турду, достукка жанын урду. Бирок, кыргыздар башына кыйын иш түшсө дагы чыдап, чөкпөгөн, ийгиликке ээ болсо көппөгөн, алдындагы жоонун көзүн карап кошоматтанып жашаган эмес. Кыргыз өз кадыр-баркын, абийир-намысын ыйык туткан.
Кыргыздар өзүнүн кудурет күчүн билген, уюткулуу журт катарында ар түрдүү уруу элдер менен тийиштүү алакада болуп, алардын күчтүү-алсыздыгына карабай, көчмөн элдин нарктуу-барктуу салтын сактап, адилет адамгерчилик, сабырдуулук менен мамиле кылган жана башкаларды ошондой нарктуулукка, барктуулукка, ынтымакка чакырган.
Улуу, даанышман бабалардын узак жолун улаган, руханий маданиятына, акылмандыгына салымын кошкон, эл оозуна алынган XIX-XX кылымдардын да таланттуу акылмандары, даанышмандары бар экенине сыймыктанабыз. Ошол улуу даанышмандардын ысымдарын, эрдигин жана накыл-керээзин улап, байыткан кийинки муундагы улууларды дагы унутууга акыбыз жок. Баардыгыбыздын парз-карызыбыз – жаш муунга ошол бабалардын акыл-насаатын кулагына куюп, тынымсыз коңгуроо кагып, эскертип турууга милдеттүүбүз. Ынтымактын негизин ошол даанышмандардын калтырып кеткен мурастарынан, “Манас” эпосунан тапса болот. Алардын, байыркы эмес, орто кылымдагы эле өкүлдөрүн санасак: Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари, Асан Кайгы, Токтогул ырчы, Тоголок Молдо, Нур Молдо, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Калыгул, Жеңижок ж.б.
Мамлекеттүүлүктү түптөөдө, элдердин ынтымагын чыңдоодо зор салымын кошкон Жусуп Адрахманов, Иманалы Айдарбеков, Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев жана Султан Ибраимовго окшогон инсандарыбыз чоң үлгү көрсөтүшкөн.
Садыр Нургожоевич Жапаров дагы ниети таза, руху бийик, арам иштерге барбаган, бүт аракетин тынчтыкка, элдин ынтымагына, ырыскысына арнаган, мамлекеттүүлүктү, эгемендүүлүктү сактаган, журтубуздун ишеничин актаган, мурдагы президенттердин изин баспаган, үлгүлүү президент болот (!) деп толугу менен ишенем.
Президентибизге, мамлекетибизге “Ынтымак Ордо” кут болсун, ийгиликтери жуп болсун, ошол жердин аурасы жаңы дем-күч берсин, берген улуулардын батасы кабыл болсун!
Миталип Мамытов, Кыргыз Эл Баатыры, академик
"Азия Ньюс" гезити