Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Цементовоз оодарылып, айдоочусу секирип кетип аман калды

Цементовоз оодарылып, айдоочусу секирип кетип аман калды

23-февраль, 18:13
1 276 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ош–Ноокат жолунун Зулпуев айыл аймагына кире бериште даярдалган бетонду алып бара жаткан цементовоз оодарылып кетти. Бул боюнча Ош ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, ал жол боюндагы үйдүн тосмосун, электр мамычасын сүзүп оодарылган. Окуя болжол менен саат 17:00 чамасында болгон. Айдоочу Зулпуев айыл өкмөтүнө кире бериштеги жаңы курулуп жаткан күйүүчү май куюучу жайга даярдалган бетон алып бара жаткан. Жол ылдыйыш болгондуктан, токтой турган жерге жеткенде тормозу иштебей калып, жол боюндагы үйдүн дубал тосмосун сүзгөн. Айдоочу секирип кеткенге үлгүргөн.

Ал эми жергиликтүү тургундар бетонду кол араба менен ташып, ошол жердеги жолдун чуңкурларын толтуруп алышканын айтышты.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер