Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевди элдин муң-зары уктатпайт

Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевди элдин муң-зары уктатпайт

24-сентябрь, 12:29
1 675 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экс-министрлер Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевдин кайда жүрүшкөнү көпчүлүккө кызык. Ушинтип эле суудан кургак чыгып кетишеби? Эмне үчүн кылмыш иштери козголуп, издөөгө алынышпайт? Бетке чиркөө эки жагдайды эске салалы.

Биринчиси, Октябрь окуясында митингчилерге күч колдонулганы, жүздөгөн жарандарыбыздын жаракат алышы, Үмүтбектин атылышы кара так катары өчпөйт эмеспи. Өзгөчө Кашкар Жунушалиев элди сабатып, аткылатып, күч колдонгону кечиримсиз! Бүгүнкү бийлик коррупция, Кумтөр, көп чуулгандуу иштер менен алектенип атып, буларды унутуп коюштубу? Же кезеги келе элекпи? Эмнеси болсо да, эске салып турган кербезибиз.

Экинчисине келсек, Кой-Таш коогалаңы боюнча да Кашкар Жунушалиевге, Орозбек Опумбаевге олуттуу суроолор арбын. Карапайым элди тепкиге алдырышып, аткылаткандары кантип унутулат? Оор жаракат алгандар арбын эле, атургай спецназдын өлүмү да орун алган... 

Дал ушундай жагымсыз, кейиштүү көрүнүштөргө кириптер болушканы, жогорку жетекчиликте турушуп, кызмат абалдарынан кыянат пайдаланышкандары үчүн жоопко тартылышпайбы? Эртеби-кечпи Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев мыйзам алдында жооп беришет. Себеби, элдин муң-зары бар, каны төгүлгөн... Кантип уктап жүрүшөт?..

А Сооронбай Жээнбеков бул башаламандыктарга башкы күнөөкөр катары суралабы? Качан? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер