Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турат Акимов: “Парламентке келген партиялар бийликтин камчысын чаап беришет”

Турат Акимов: “Парламентке келген партиялар бийликтин камчысын чаап беришет”

16-декабрь, 18:00
1 973 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Туке, кыргыз саясаты парламенттик шайлоодон кийин бир беткей болуп турукташабы?

-- Албетте, парламенттик шайлоодон кийин кыргыз саясаты бир беткей болуп турукташат. Жогорку Кеңешке келген партиялар бийликтин гана орогун оруп, камчысын чаап калат. “Көчөдө” калгандар кайсы бир деңгээлде бирдиктүү иштешкенге кыйын болот. Ошентсе дагы бара-бара бири-бири менен мамиле түзүп баштайт. 

-- Болжол менен парламентке келе турган эл өкүлдөрүнүн алгачкы тизмелери даярдалып атат. Сенин оюңча, парламентти көтөрүп кете тургандар арасында барбы, кимдерди атайт элең?

-- Негизи, 60 пайызы эски эле депутаттар келди. Булар илгери калып кеткен лобби мыйзамдарын колдойт. Менимче, азыркы парламент өтө начар болот. Башмыйзамдын негизинде алсыз болуп калышкандан кийин көп жагынан баш ийкегенге, кнопка басканга жарап беришет. Булардын бир эле миссиясы калды – бюджетти бекитип берүү, башка нерсеге жарай алышпайт. Арасында күчтүү көрүнгөн популисттер бар. Бирок, олуттуу, салмактуу маселени аягына чейин тикесинен туруп, күрөшүп бере турган кишилерди көрбөй турам. 

-- Учурда сени кайсы жагдай өкүндүрөт?

-- Элибиздин басымдуу бөлүгү кайдыгер болуп, жашоону, күнүмдүк турмушту гана ойлоп, курсагы тойсо болду экен. Аларды мамлекет кайда баратканы кызыктырбайт. Калкыбыздын жарымы тиричилик менен жашай берет. Кез-кезде аларды саясатка сүйрөп, “шайла, мени шайла, жайла” дешет. Акча берип койсоң маймылдарды деле шайлап беришет. Бюджетниктерди көчүккө тепсең шайлоого барат, теппесең барбайт, ошондой. “Элди таңгалдырган шайлоо өткөрөм” деген, элди таңгалдырган парламент келет. Мени ушу жагдай өкүндүрөт. Ушундай.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер