Акыркы кабарлар
» Коом » Бейрут шаарындагы жарылууга күнөөлүүлөр аёосуз жазаланат
Бейрут шаарындагы жарылууга күнөөлүүлөр аёосуз жазаланат
05-август, 13:25
646 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Өкмөт башчы кырсыкты иликтөө боюнча комиссия түзүү сунушун киргизди. Алар 48 сааттын ичинде жарылуунун себептерин аныктап, ага жоопкерчиликтүү адамдарды табышы керек.
Ливандын премьер-министри Хассан Дияб Бейруттагы жарылууга алты жылдан бери сакталып турган 2750 тонна аммиак селитрасы себеп болгонун айтты. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.
Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору болгон Бейрут шаарындагы портто катуу жарылуу болгон. Маалыматта кырсык 70тен ашык адамдын өмүрүн алгандыгы айтылды.
"Болуп өткөн окуяга себепкер адамды тапмайынча жаным жай албайт. Биз аны жоопкерчиликке тартып, аёосуз жазалайбыз. Себеби, салмагы 2750 тонна болгон аммиак селитрасы кампада алты жылдан бери жөн эле сакталып жаткан. Акыры ал адамдардын коопсуздугуна коркунуч алып келди" деди Дияб.