Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Курултайдын маселе чечкени тарыхта жок”

Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Курултайдын маселе чечкени тарыхта жок”

11-май, 15:08
446 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Исхак Абсаматович, парламент бүгүн “Элдик курултай жөнүндөгү” мыйзамды биринчи окуудан карап жатат. Курултай институту боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

-- Негизи, Конституцияда ошондой норма бар. Демек, ал норманы ишке ашыруу керек. Ал эми “бизде илгертен курултай болгон, бардык маселени ушул топ аркылуу чечкен” дегенге келсек, мен тарыхчы катары айтайын, биздин тарых факультетинде андайды окуган эмеспиз. “Курултай чечет” деген... Жогорку Кеңеш ошон үчүн Жогорку Кеңеш да. Өкүлдөрүн жөнөтүп атат. Бул жерде бир аз башаламандык болууда. Ошондуктан, биз мыйзамды иштеп чыгуубуз керек. Бүгүн сунушталган долбоорго бир топ депутаттар каршы чыгышты. Ал жерде “делегаттар үч жылга шайланат, өкмөттү отставкага кетирет” деп аларга тиешелүү эмес укуктарды берип коюптур. Анда Жогорку Кеңештин эмне кереги бар? Биздин оюбуз боюнча, курултай жер-жерлерден келген делегаттар пикир алмашып, элдин маанайын билдирип, кеңеш бере турган гана орган болууга тийиш. Делегаттар шайланбай, квота боюнча тандалганы туура.

-- Сиз өз фракцияңыздын атынан жумушчу топко кирген турбайсызбы? Жумушчу топ иштеп, сунуштарын берген соң курултайдын ыйгарым укуктары кандай болуп өзгөрөт?

-- Мен жогоруда айткандай, булар өздөрүнө тийешелүү эмес укуктарды энчилеп алышкан. Мындайча айтканда, парламентке параллелдүү структура түзмөкчү болушат. Биз ошого каршы пикирлерибизди билдирдик. “Эгер ошончолук эле керек болсо, бизде мурда эл өкүлдөрү болчу эмес беле?” деген да сөздөр айтылды. Жылына эки жолу чогулчу. Ал деле курултайдын бир түрү да. Бирок, барып-барып бизнесмендер, аткаминерлер киришип кеткенден кийин бир аз башка максат болуп кетти. “Курултай башкача болот” дейсиңерби? “Бечара шайланышы керек” дейбиз. Кичинекей кыштакта ишкана болсо, ээси баарын башкарат да. Делегат болуп ошол эле шайланат.

-- Анда чын эле эки палаталуу парламентти кайра түзүү керектир?

-- Токсон депутатты экиге бөлсөк, 45тен болмок. Бирок, анүчүн Конституцияны өзгөртүү керек. Айтор, бул чоң кадам. Ага кайтып келүү кыйын го. Иши кылып, бул талкуулай турган маселе. Курултайдын демилгечилери менен сүйлөшүп көрсөң, алар “туруктуу иштей турган орган болуп, министрлерди кетиргенге укуктуу болуш керек” дешет. Менин билишимче, курултайдын активисттеринин бир тобу депутаттыкка коюп, өтө албай калышкан. Анан кантип курултайга делегат болуп алышканын билбейм...


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер