Акыркы кабарлар
» Экономика » Кыргызстанга мигранттардан акча которуулар азая баштады
Кыргызстанга мигранттардан акча которуулар азая баштады
12-ноябрь, 17:15
899 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Кыргызстанга чет өлкөдөн келген акча которуулардын саны бир кыйла азайган.
Үстүбүздөгү жылдын январь – сентябрь айларында Кыргызстанга чет өлкөдөн которулган акчалардын саны 1 миллиардд 780,4 миллион доллар болду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Бул өткөн 2018-жылдын тогуз айына салыштырмалуу 191,4 миллион долларга аз.
Сентябрда сыртта жүргөн мигранттарыбыз өлкөгө 209,9 миллион доллар которгон. Бир айда бул көрсөткүч 9,5 миллион долларга азайган. Ал эми былтыркы сентябрь айында которулган акчага салыштырмалуу 17.7 миллионго аз.
Ошондо, жалпысынан алганда өлкөдөгү Кыргызстанга бир жылда 20 миллион долларга чукул акча каражаты аз которулган.Aryba.kg