Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Зайнидин Курманов: “Башка өлкөлөрдүн өкмөтү биздикиндей көчөдөгүлөрдөн куралбайт”

Зайнидин Курманов: “Башка өлкөлөрдүн өкмөтү биздикиндей көчөдөгүлөрдөн куралбайт”

11-сентябрь, 21:58
682 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коомчулукта шайлоого аттанган партиялардын программалары талкуу жаратты. Айрыкча депутаттардын санын кыскартуу, жаңы төрөлгөн балдаргы 50 миң сом өлчөмүндө сүйүнчү пул берүү, үстөк пайызы төмөн насыя менен камсыз кылуу сыяктуу убадалар сынга кабылды. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Зайнидин Курманов партиялардын программалары элди анчейин ишендире албай жатканын жана парламенттин санын азайтуу туура эмес болорун айтат. 

-- Шайлоого катышып жаткан партиялардын программалары менен тааныша алдыңызбы?   

-- Кечээ гана эки партиянын программасын көрө алдым. Башкасыныкын  интернеттен издеп тапкан жокмун. Мындан улам, калган он төрт партиянын программаларын лидерлердин сүйлөгөндөрүнөн улам баамдап жатам. Көпчүлүк партиялар программаларынын үстүндө иштебегени, буга анчалык маани бербегени көрүнүп турат. Негизи шайлоонун маңызы партиялардын программасында болуп, эл аны менен таанышып, ошого жараша добуш бериши керек эле. Көпчүлүгүнөн жаңыча көз караштагы, экономиканы көтөрүүгө багытталган сунуштарын байкаган жокмун. 

-- Айрым партиялар депутаттардын санын кыскартууга, президенттик институтту жоюуга, министрликтердин санын азайтууга басым жасап жаткандай. Бул канчалык реалдуу? 

-- Саясый эрк болсо, муну жасаса болот. Башкаруу системасын  оптималдаштырууну көпчүлүк партиялар сунуштады, бул колдоого аларлык нерсе. Кайталанган министрликтерди, мамлекеттик агенттиктерди бириктирүү зарыл. Ар бир тармак өзүнө гана тийешелүү болгон иш менен алектенүүсү абзел. Маселен, жарандык коом өзүнүн секторун карап, жаңы идеяларды сунуш кылышы керек. Мамлекет каражатты туура бөлүп, колундагы ресурстардын жардамы менен реформаларды жүзөгө ашыра алат. Ошондой эле төрт вице-премьер-министр бизге ашыкча болуп жатат. Алардын экөөнү эле калтырган туура. Бизнесмендер болсо продукция өндүрүп, аны сатып, инновациялык долбоорлорду ишке киргизип, бюджетке салык төлөө менен алек болгону дурус. Ар биринин миссиясы бар. Бирок, мен парламентти эки эсеге чейин кыскартуу боюнча сунушка шектенүү менен карайм. Анткени Жогорку Кеңеште аялдар, эркектер, жаштар, улуулар, ар улуттун өкүлдөрү болушу керек. Эгер санын алтымышка чейин азайтып салсак, жогоруда айтылган нормалар сакталбай калат. Парламент мыйзам чыгаруучу, коллективдүү орган болгондуктан, ал жакта түрдүү пикирдеги, көз караштагы депутаттардын болгону маанилүү. Кабыл алынган мыйзамдар аркылуу депутаттар мамлекеттин саясатын өзгөртө алат. Ошондуктан кайсы бир мыйзамды кабыл алууда ар кандай пикирлер жаралып, талаш-тартыштар болуп турганы түзүк. Мындан тышкары, аз адамды сатып алуу оңой, ал эми көпчүлүктүн тилин табыш алда канча оор.

-- Башка мамлекеттерде парламент кандай куралат, сапатын айтсаңыз? 

-- Башка өлкөлөрдүн өкмөтү биздикине окшогон көчөдөгүлөрдөн эмес, парламентке шайланып келген билимдүү, жогорку элита өкүлдөрүнөн куралат. Мындан улам, алардын аткаруу бийлигине, премьер-министрликке болуп көрбөгөндөй күчтүү кадрлар чогулат. Кыргызстанда өткөн чакырылышта өкмөт башчы катары бир жолу гана Өмүрбек Бабанов шайланган, башка эч ким чыккан жок. Себеби, депутаттардын арасында премьер-министрликке татыктуу, мамлекеттик жогорку миссияны аткара ала турган кадр жок. Иштерман министрлер да чыкпады. Шайланса дагы ишти алып кете албай, элге уят болуп, кайрадан шайлоого бет алышты... 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер