Бабанов бийликтин “өрдөктөрүн” ата баштады

“Жоо аяган жаралуу” деген накыл кеп бар. Анын сыңарындай, Өмүрбек Бабановго күч органдары кылмыш иштерин шагырата козгогону менен гумандуулук кылышып, баарын токтотуп коюшкан.
Акүй менен “жең ичинен соодалашкан” Бабанов саясаттан кеткени боюнча сөз берген. Бирок, бул куру нерсе экени белгилүү эле. Себеби, ал ар бир бийлик учурунда саясаттан кетип, кайра келе берет. Кезектеги көз жаздымды карасаң! Башында унчукпай жаткан Бабановдун саясый тилектеши Максат Сабиров бийликке каршы аттанганын билдирип, элди көтөрүлүүгө чакырып, коңгуроо кагып салды. Ал эми “Республиканын” лидери коомчулуктагы ар кандай көрүнүштөргө реакция жасап, үн кошуп, эл менен болгон тыгыз байланышын үзбөй келет. Кечээ коронавируска каршы күрөшкөн, медиктердин ишин аткарган студент кыз Адинай каза болуп, ага карата Бабанов жалындаган сөздөрүн жазып, кечирим сурады. Эми апааттан көзү өткөн дарыгерлерге эстелик тургузат экен. Айтор, элге жага турган пиар акциялар менен алектенүүдө. Ал эми Акүйдүн “шалп этек” пиарщиктери фейктер менен шыбагандан башканы билишпейт экен. Бабанов алардын “өрдөктөрүн” атып, калпын чыгарып, күрөшө баштады...
"Азия Ньюс" гезити