Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Самат Уранкай: «Интернетте активист болуу «иттей» оңой. Керилип жатып алып эле «керебетный экспертпиз»

Самат Уранкай: «Интернетте активист болуу «иттей» оңой. Керилип жатып алып эле «керебетный экспертпиз»

22-март, 12:06
802 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сиздин өлкөдө болуп жаткан окуяларды чагылдырган саясый-сатиралык чыгармаңыз жарык көрүп, көпчүлүктүн кызыгуусун арттырды.  Анын жаралышына токтолсоңуз? 

-- Атайын пландалып, өзүнчө убакыт бөлүнүп жазылган жок. Баардыгы кокустан, күтүүсүздөн жазылып калды. Биз мекенибизден алыста болгондуктан, ар дайым интернет аркылуу Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга, жаңылыктарга көз салып турабыз. Байкоолорубузду, пикирибизди социалдык тармакта билдирип да калмайыбыз бар. Бул китептеги чыгарма да ошондой пикир билдирүү катары кыскача жазылган. Анан интернет айдыңында элдин назарына алынып аткан ар кандай саясый же коомдук окуяларга байлап, улам жазып чыгарып аттым. Ошентип отуруп, шаурманын каламасындай чакан китеп болуп калыптыр. Ал маалда китеп кылып чыгарабыз деген ойго да келген эмес.  

-- Социалдык тармактар аркылуу саясатта болуп жаткан көрүнүштөргө активдүү ой-пикир калтырып жүрөсүз. Байкасаңыз, ушундай өз оюн ачык-айкын билдиргендер оппозиционер катары кабылданат го, бул туура эле көрүнүш деп ойлойсузбу? 

-- Оппозицонер деп атоо туура болбойт го... Чыныгы оппозиционер кайсы бир көрүнүштү далилдүү сындап, аргументтер менен каршылыгын билдирип, туура чечүү жолун да көргөзө алган адамдар. Көбүнесе жөн гана өз пикири бар, кайдыгер эмес жарандар. Ар ким өз түшүнүгү, дүйнөтаанымына жараша айгай салган чакырык салса эле, анын баарын оппозиционер деп тепкилеп, куугунтуктап, же тескерисинче баатыр, жол баштоочу деп артынан ээрчий бербеш керек дейт элем.

-- Жалпысынан алганда, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн мотивациясы, максаты эмнеде дейт элеңиз? 

-Сергек, активдүү жарандык коомдун болушу – өлкөбүздүн акыйкат, адилет жолунда өнүгүшүнө өбөлгө. Согуш талаасында сапёрлердой көрүнбөй аткан миналарды жарылып кете элегинде таап, жарылуусун токтотуп калуу негизги максаты. Бирок, тилекке каршы, айрым учурларда кызмат, акча, өзүнүн жеке кызыкчылыгын ишке ашыруу, же таанымал атактуулукка жетүүнү максат кылып алгандар да бар.

-- Мурунку муун менен кийинки муундун көз караштарындагы айырмачылыктар тууралуу оюңуз кандай? 

-Муундардын көз карашы сөзсүз өзгөрүп турат эмеспи. Улуу муун оор басырыктуу, сабырдуу, бир нерсенин өзгөрүүсү акырындык менен болот десе, кийинкилер бар-жогуна бир заматта жете калгысы келет. Тез өзгөрүүнү каалап, чапчаң.

-- Активист болуу оорбу?

-- Интернетте активист болуу «иттей» оңой. Керилип жатып алып эле далайыбыз «керебетный экспертпиз». Ал эми чыныгы коомдо жер-жерлерге барып, кайсы бир маселени адекваттуу чечүүгө аракеттенгендерге аябай оор деп ойлойм. «Адекваттуу чечүү» дегенди баса белгилеп коёюнчу.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер