Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Таштанды жаткан жерди гүлдөгөн бакка айлантуу – шариятта да бааланат”

“Таштанды жаткан жерди гүлдөгөн бакка айлантуу – шариятта да бааланат”

11-август, 12:33
747 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Барпыда “Жони” аталышындагы парк ачылганына күбө болдук. Камчыбек Ташиевдин агасынын ысымы берилиптир. Коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып, талкууга “жем” таштады. Бул боюнча кандай ойдосуз?” деген собол узаттык. 

Замир кары Ракиев, КР муфтийи:

-- Өзүбүздүн иш чарабыз менен Жалал-Абадга ыйык жума күнү барганбыз, Чубак ажы атындагы мечитте эл менен жолугушуу болмок. А жерде Камчыбек Ташиевдин көзү өтүп кеткен агасы Жаныбектин төрт баласы менен кезигип калдык. Барпы айылынын ортосунда мурун таштанды жаткан, каралбай калган жер тилкеси бар экен. Негизи бул айылда мечит, спорт зал, бир канча мектеп жана жолдору да оңдолуптур. Бир гана элдер эс ала турган жай жок экенин айтышып, атабыздын элесине багыштап, сейилдөө багын салдык дешти. Аябай баалана турган нерсе да. Пайгамбарыбыздын хадисине туура келет. “Кимде-ким эгин эгип же бир чырпыкты жерге сайып койсо, алар берген түшүмдүн сообу эккен кишиге жетип турат” деп, жасаган иштерине кубандым. “Бул жерди өзүбүздүн каражатыбыз менен курдук” дешти. Мурдагы сүрөттөрүн да көргөзүштү. Мындай нерсени Кыргызстан боюнча жайылтышыбыз керек. Муну мен кошоматтанып айтып жаткан жерим жок. Эми таштанды жаткан жерди гүлдөгөн бакка айлантып, фонтанын, отургучтарын, жарыктарын коюп, элдин баары балдары менен эс алгандын эмнеси жаман? Бул шариятыбызда баалана турган нерсе, сүйүнүп турам. Муфтий катары баардык Кыргызстандын мусулмандарына айтат элем. Бул боюнча мечиттерге барып, жар салып да атам. Ысырап кылып, ар кандай спорттук иш чарага байге, нечендеген малдарды сойгондон көрө эл ичинде түбөлүк кала турган алгы иштерди жасайлы. Мектеп салалы. Ал деле мечит салгандай сооп болот. Жолдорду оңдоп, көпүрө куруп, суу чыгарып, ушундай парктарды салып берели. Курулуш кылалы, өнүгөлү. Жөн эле балчыкта жата берелиби? Эми ушундай жакшы иштер болуп атса, кээ бир интернет колдонуучулар бар экен, жакшыны көрө албай, кылдан кыйкым, жумурткадан кыр издешип, болбогон кептери менен көпчүлүктүн көздөрүн будамайлап жатып калышат. Анткен менен Кыргызстанда 6 миллион ашык эл бар, баарын карап, туура баамдап атышкан, муну да эске алуубуз кажет. Бул өтө чоң үлгү болду. Муну улантыш керек. Эл үчүн кылып аткан азаматтарды колдошубуз зарыл!

Тойгонбай ажы Абдыкаров, КР дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы:

-- Президент Садыр Нуркожоевич Жапаровдун “Ысырапкорчулук” боюнча жарлыгынын алкагында баардык региондорду кыдырып турам. Бу жолу Жалал-Абадка иш сапарым менен баргам. Мындан бир аз мурун Чубак ажынын атында болсун деп Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев мечитти бүткөрүп берген эле. Ушуга улай жергиликтүү эл медресе салынса жакшы болмок деп суранышып, капсуласын салуу иш чарасы өттү. “Чубак ажынын медресеси болот” деп сүйүндүк. Ал жерде Камчыбек Кыдыршаевичке жолугуп калдым. “Эртең менин Жаныбек агамдын ашы болуп атат. Балдары өз каражаттарына Барпы айылында мурун таштандыга айланган жерди эс алуу багы деп парк ачып атышат. Агабызга багыштап Куран түшүрүп коелу” деди. Жүздөгөн конокторго кеткен ысырапкорчулукту жумшабай, улак берип, катарлата машине сайбай, элге пайдасы тийе турган эң жакшы ишти кылып коюшту. Муну кээ бир адамдар туура эмес түшүнүшүп, тетири нерселерди айтып аткандыр. “Мөмөлүү даракка таш ыргытат” болуп, “Мынча каражатты кайдан табышты?” дей беришет эмеспи. Биз ар бир эл үчүн жасалып жаткан иштин жакшы жагын даңазалап айтканды билсек, үйрөнсөк. Ал жерде эч бир чиновник, мамлекеттик кызматкерлер чакырылбаптыр. Карапайым эл келип, баталарын беришип, кубаттоо, алкоолорун айтышты. “Эми айылда жашасак да шаардын элесин калтырган мыкты эс алуучу жайыбыз бар. Бул жерде отургучтар, фонтан, балмуздагы, балдар ойной турган ар кыл атракциондор бар экен. Жаныбектин төрт уулуна алкыш, Алла ыраазы болсун!” деп аткандарын өз көзүм менен көрдүм. Мен Ташиевдердин үй-бүлөсүн көрүп эле жүрөм. Пандемия учурунда канчалаган карапайым элдерге соопчулук иштерди кылышты. Канчалаган жетим-жесирлерге кол сунушту. Мен ойлойм, “Жони” атындагы эс алуу багы эл үчүн гана кызмат кылат! Башка эч кандай кызыкчылык жок. Мындай жакшы жөрөлгө баардык аймактарда да үлгү катары уланса мыкты болмок.

Абдимиталип Халматов, медицина илимдеринин кандидаты, кардиолог:

-- Барпы айылындагы эс алуучу “Жони” паркынын ачылышы элибизде ар түркүн пикирлерди жаратты. Бирөөсү атын талкууласа, экинчисине парктын жайгашкан жери жакпады. “Кеп айтыла берет, кербен жүрө берет” дейт эмеспи. Менин жеке пикиримде, ынтымактуу биртуугандардын демилгеси жана чоң эмгеги менен ачылган бул эс алуу паркы журтубуздагы башка айылдардын уул-кыздарына сабак болуусу зарыл. Акыркы жылдарда соцтармактарда отуруп алышып, алгылыктуу жаңылыктарга бир жактуу “терс” гана баа бере бербей, биз жакшыны – жакшы катары кабыл алууну үйрөнүшүбүз керек. Мен дарыгер катары мындай эс алуучу жайлардын баардык айылдарда болуусун колдойм. Байыркы грек философу Аристотель айткандай: “Кыймыл аракет – бул жашоо”. Ден соолук үчүн канчалык пайдалуу? Мисалы, дем алуу системасынын чыңалуусуна, нерв системасынын калыбына келтирүүдө, жөө басуу, чуркоо, велосипед тебүү – бүт эле организмди чыңдоого, кан басымдын нормалдашуусуна, иммунитетти жогорулатууга зор жардам берет. Андан тышкары, паркта сейилдөө элдердин бири-бири менен мамиле кылуусуна, жакшы маанайда болуусу түрткү берет. Ошого катар жаш балдарды ойнотууга, көңүл көтөрүүдө мындай коопсуз жайдын салынышы өтө маанилүү.

Адил Турдукулов, саясат талдоочу:

-- Камчыбек Ташиевди башка иштери үчүн сындаса болот, бирок элге таянып, кичи мекенине парк түрүндө үлгүлүү инфраструктура курганы жакшы жөрөлгө. Эми УКМКнын башчысы башка аймактарда да ошондой объекттерди курса экен (!) деген каалоом бар.

Гүлмира Кулумбаева, УТРКнын “Маданият, тарых, тил” каналынын шеф-редактору:  

-- Эл арасында бул парк боюнча ар кандай пикирлер айтылууда. Ал бакчазарга агасынын ысымы берилседемек, ал кишинин эмгеги бар да. Бул эс алуу багы, иш-чара тууралуу кылдан кыйкым изденүүнүн кереги жок. Кандай күндө да ал жер эл үчүн курулду да. Эс алган эл ыраазы болот.

Ташболот Балтабаев, коомдук ишмер:

-- Парк жасалып, ачылган болсо, элге кызмат кылып жатса, мындай ишке каражат сарпташса, ошол демөөрчүнүн жакынына ысымы берилсе, бөйрөктөн шыйрак чыгаруунун кереги жок го. Туурабы? Камчыбек Ташиев боюнча пикир айта турган болсок, анын жумушу боюнча кеп уласаңар жарашат. Мамлекетке кандай пайда же зыян алып келип жатканы боюнча. “Парк куруп коюп, агасынын ысымын бериптир” деген бул кичине жөнсүз сын болуп турат. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер