Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балбак Түлөбаев: “Шаардагы көп көйгөйдү чечүүгө каражат жетишсиз”

Балбак Түлөбаев: “Шаардагы көп көйгөйдү чечүүгө каражат жетишсиз”

29-январь, 14:25
1 593 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак мырза менен маек.

-- Кадр маселесин тандоодо эмнелерге көңүл буруп атасыз? Тандалган кадрларды татыктуу катары эсептейсизби?

-- Муниципалдык кызматтын бош кызмат ордуна дайындоо Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына ылайык, “конкурсту өткөрүү тартиби жана кызматтык жактан илгерилетүү боюнча мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка дайындоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-декабрындагы №706 жобосу боюнча конкурстук негизде жүргүзүлөт.

Талапкердин материалдарын кароо мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топтору үчүн типтүү квалификациялык талаптарга ылайык өткөрүлөт. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мекемелеринин жетекчилерин, орун басарларын бош кызмат ордуна дайындоо Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык жана Бишкек шаарынын (биринчи) вице-мэрлеринин сунушу боюнча жүзөгө ашырылат.

-- Шаардагы жакын аранын ичинде чечүүчү негизги көйгөйлөр катары эмнелерди айтасыз?

-- Бишкек шаары Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошот, анткени республиканын ички дүң продукциясынын жалпы көлөмүндө шаардын үлүшү 40,4%ды түзөт жана мамлекеттик бюджеттин баардык кирешелеринин 40%га жакыны шаарга мобилизацияланган. Бирок, бюджеттер аралык мамилелердин ченемдерине ылайык, Бишкек шаарынын аймагында чогултулган салыктык кирешелердин жалпы көлөмүнүн болжол менен 14%ы гана борбор калаанын жергиликтүү бюджетинде калат.                                      

Жалпысынан, 2020-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин аткарылышы 8,5 млрд. сомду түзүп, пландык тапшырма 89,2%га аткарылган, аткарылбаган жумуштардын суммасы 1,0 млрд. сомду түздү (план 9,5 млрд. сом).

Төмөндөө Бишкек шаарында өзгөчө кырдаал абалын киргизүүгө жана экономикалык иш-аракеттерди чектөө боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн бир катар чечимдерин чыгарууга байланыштуу айрым ишкердик субъекттеринин иш аракеттеринин токтотулушуна байланыштуу болгон.

2021-жылга бюджеттин долбоору 10,2 млрд. сом көлөмүндө каралууда. Шаардын бюджети социалдык багытта же жергиликтүү бюджеттин көп бөлүгү социалдык маселелерди каржылоого (билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо) жумшалат. Муниципалитет бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен билим берүү уюмдарын каржылоо жагынан адаттан тыш функцияларды аткарып келет. Бишкек шаарындагы билим берүү кызматкерлерине эмгек акы төлөө фондусунун көлөмү 3,3 млрд. сомду түзөт. Белгилүү болгондой, борбор калаадагы салыктык кирешелерди Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын аймактык бөлүмдөрү чогултушат. Буга байланыштуу муниципалитетте эч кандай рычаг жок. Буга карабастан, Бишкек шаарынын мэриясы кирешелерди көбөйтүү жана кирешелердин жоготууларын азайтуу боюнча иш алып барууда. Ушуга байланыштуу, жергиликтүү маанидеги маселелерди толук чечүү үчүн салыктардын республикалык түрлөрүнөн жергиликтүү бюджетке бөлүү пайызын жогорулатуу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адаттан тыш чыгымдарын, тактап айтканда, билим берүү тармагына чыгымдарды каржылоо маселесин чечүү керек. Бул маселелер боюнча бир нече жолу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын каржы министрлигине каттар жиберилген, бирок маселе бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келет. 

-- Жылуулук тармагы боюча кандай иш-чаралар каралууда?

-- “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын 22 көмүр отканасын жаратылыш газына өткөрүү каралууда. Болжолу менен бул жумуштарды каржылоо үчүн 200,0 млн. сом өлчөмүндө каражат талап кылынат. 

-- Бишкекти жашылдандыруу планында эмнелер бар?

-- Шаарды жашылдандыруу жана сейил бактарды куруу керек. 2021-жылы Байтик Баатыр–Токомбаев көчөлөрүнүн жана Боталиев–Манас проспектисинин кесилишиндеги курулуп жаткан эки парктын курулуш иштерин бүтүрүү планыбызда бар. Сейил бак зоналарын куруу боюнча 2021-жылы «Бишкек жашыл чарба», «Бишкекасфальтсервис» жана «Бишкекжарык» муниципалдык ишканалары тарабынан Масалиев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакты куруу боюнча ишти аяктоо пландалууда (II кезек).  

-- Көйгөйлүү маселелердин көбү кайсы жаатта?

-- Бишкек шаарында көйгөйлүү маселе көп. Өзгөчө шаардын конуштарында жол жана инженердик тармактарынын тийиштүү деңгээлде өнүкпөй калгандыгы, мектептердин, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин, медициналык пункттардын жетишсиздиги. Бишкек шаарында 47ден ашык конуш бар, баардык конуштар тийиштүү мекемелер менен камсыз болгон эмес. Инженердик тармактарды куруу, жол тармагын өнүктүрүү талап кылынат. Жол тыгындарын чечүү үчүн шаардагы жолдорду куруу, кеңейтүү жана эстакадалык көпүрөлөрдү куруу зарыл. Ошондой эле жогоруда белгилеп кеткендей, бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген социалдык объектилердин курулушу мезгил талабында. Бирок каражаттын жетишсиздигине байланыштуу курулуш иштерин баштоо кыйын болуп келүүдө.

-- Шаар ичиндеги транспортторду жаңылоо иштери качан жүрө баштайт?

-- Жүргүнчүлөрдү ташууда борборубуздун жашоочуларына ыңгайлуу шарттарды түзүү жана талаптарын канааттандыруу үчүн ири сыйымдуулуктагы 500 автобус же орто сыйымдуулуктагы 700 автобус жана шаардагы автобус-троллейбустук  каттамдарды калыбына келтирүү, шаардын борборун тейлеген кичиавтобустарды бошотуу максатында 150 троллейбус сатып алуу керек. Жаңы автобустар жана троллейбустар келгенде кичиавтобустар бошотулуп, кыймыл түзмөгүнө ылайык, жаңы конуштарда, борбордон алыс жерлерде жашаган калкты тейлөөнү камсыздоо үчүн (борбор–жаңы конуш) багытталат. 

Учурда экологиялык таза (газ менен жүрүүчү жана электр автобустары)ыңгайлуу автобустарга ээ болгон жүргүнчүлөрдү ташуучулар үчүн 33 каттамдын кыймыл түзмөгү даярдалды. Бул каттамдар аутсорсингге берилиши үчүн иштелип чыккан. 

Мамлекеттик жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча механизмдерди киргизүүнү   ШТБ колдойт жана “Бишкек шаарында монорельстүү транспорттун курулушу” долбоорун даярдоого активдүү катышууга жана мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында көмөктөшүүгө даяр. 

Бишкек шаарынын транспорттук абалына олуттуу таасир этүүчү натыйжалуу стратегияларды камсыз кылуучу потенциалдуу инвесторлор менен жаңы коомдук транспортторду жана каржы булактарын сатып алуу боюнча долбоорлорду түзүү үчүн иштер жүргүзүлүп жатат.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер