Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйшөнбек Камчыбеков: “Айрым кендер Ысык-Көл биосфералык аймагына кирип калган”

Дүйшөнбек Камчыбеков: “Айрым кендер Ысык-Көл биосфералык аймагына кирип калган”

09-июнь, 09:00
3 057 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айрым кендер Ысык-Көл биосфералык аймагына кирип калган. Аларды иштетүүгө мүмкүндүк түзүү зарыл. Бул тууралуу тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков кенен түшүндүрүп ой бөлүштү.

-- Министрлер кабинетинин Ысык-Көлдүн биосфералык аймагынын буфердик зонасында кендерди чалгындоого жана иштетүүгө уруксат берүүнү пландаган токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Биосфералык аймак деген эмне? Ал жакка кирип калган кендерди иштетүү зарылбы? Адис катары пикириңизди уксак?

-- Бүгүнкү күндө токтомдун долбоорунда жазылган текстине көңүл буруп карай турган болсок, мурда тоо-кен адистери айтып келген маселени баса көрсөтүп жазып жатышат. Бизде союз кезинде изилденген кендердин базасында тоо-кен тармагы иш алып барууда. Ошондуктан келечек үчүн чалгындоо иштерин жүргүзүп баштоо зарыл. Мындан тышкары, чалгынданып, изилденип, баланска коюлган кендер бар, бирок алардын айрымдары биосфералык аймакта жайгашкан. Ошолорду иштетүүгө уруксат алуу керек. Маселен, Ысык-Көл биосфералык аймагы 4,3 миллион гектар, эбегейсиз чоң жер. Алгач биосфералык аймактын буфердик зонасы бул көл жана анын жээги эмес экенин түшүндүрүү зарыл. Ал жердеги кендерди иштеткенде дагы калдыктар көлгө зыянын тийгизбейт. Ошол эле Жетим-Тоонун Күрмөнтү участогу Тоң районуна тийешелүү болуп, биосфералык аймакка кирет. Аталган кендин болжолдуу кору үч миллиард тоннадай болуп, экономикага салым кошорун белгилеп келебиз. Мындан тышкары, Сары-Жазда Тоголок деген алтын кендин кору 20 тоннадан кем эмес. Ошол эле Тоңдо электромобилдерге колдонула турган литий, Кызыл-Омполдо урандан башка торий жана башка сейрек кездешүүчү металлдар бар. Мунун баары биосфералык аймакта болгондуктан учурда иштетүүгө мүмкүндүк жок.

Тоо-кен тармагындагы кирешелерге токтоло турган болсок, 2021-жылы жалпысынан 22 млрд. сом пайда келтирген болсо, ошондой эле ал тоо-кен тармагы 2022-жылы 48 миллиард сом пайда келтиргенин белгилеп айта алабыз. Биз союз кезинде изилденген кендерди 10 жыл аралыгында, ашып кетсе 15 жылда иштетип бүтө турган болсок, келечекте дагы экономикабызга чоң салым кошо турган кендердин түрлөрүн аныкташыбыз үчүн буфердик зонада жайгашкан кендерге чалгындоо иштерин жүргүзүп, корлору аныкталган кендерди иштетишибиз керек. 

-- Ошондой кору аныкталган, иштетиле турган кендер барбы?

-- Жана белгилеп айткан Тоголок деген алтын кен Сары-Жаз жакта жайгашкан. Ал жердин кору союз кезинде эле аныкталып, баланска коюлган. Андан тышкары, буфердик аймакта жайгашкан курулуш иштерине керектүү, мисалы, цементти чыгарганга керектүү чийки заттар бар. 

Экинчиден, болжолдуу болсо дагы Тоң районунда жайгашкан литий кенинин болдолдуу кору аныкталган. Ошол кенди да аныктасак болот. Жетим-Тоо деп айтып жүрөбүз. Ошонун Күрмөнтү деген участогунда темир кенинин эки түрү гематит жана магнатит бар. Ал жакта магнатит түрү көбүрөөк. Оңой жол менен бөлүп ала турган чийки зат ошол жакта жайгашкан. Ошол жерди келечекте аныктап иштетсек болот. 

-- Негизи “чалгындоо иштерине уруксат берилиши керек” деген сунуш болуп жатат. Бирок чалгындоодон кийин дароо иштетилип кетпейт да?

-- Бүгүнкү күндө бизде мыйзамда так жазылган. Чалгындоо иштери жүрө турган болсо, дагы лицензия алгандан кийин бизге керектүү чоң маселелер коюлат. Биринчиден, экология маселеси. Ал боюнча алар экспертизадан өтөт. Тийешелүү орган текшерип уруксатын бергенден кийин гана чалгындоо иштери жүргүзүлөт. Андан тышкары, долбоор жазып, чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан компания “туура иш болуп жатабы?” деген өз көзөмөлү менен болот. Ал долбоорго жергиликтүү бийликтин да көзөмөлү бар. Алар чалгындоо иштерин жүргүзөрдө өз макулдуктарын беришет. Демек, “мен уруксат алып алдым, каалагандай чалгындоо иштерин жүргүзөм” дегенден алыс болот. Бул мамлекеттик деңгээлдеги кабыл алынган жоболордун негизинде иш алып барат. 

-- Айрымдар “коомдук талкууга коюлган токтомду уранды иштетүү үчүн жазып жатат” дегендей ойду айтып жатышат?

-- Мисалы, токтомдун статусу менен мыйзамдын статусунда аябай чоң айырма бар. Уранды иштетебиз десек, биз бул мыйзамды өзгөртүшүбүз керек. Жогорку Кеңештин деңгээлинде өтүп, коомдук талкуу да болушу зарыл. Токтом кабыл алынса эле уран иштетилип кетет деген ойдон алысыраак болушубуз керек. 

Бүгүнкү күндө биз айтып жаткан Кызыл-Омпол же болбосо Күрмөнтү, Тоголок участоктору буфердик зонага жакын жайгашкан. Жогоруда белгилеп айткандай, Кызыл-Омполдо урандан сырткары торий, изилденген коргошундун кени жана изилдөөлөрдөн өткөн сейрек кездешүүчү металлдар дагы бар. Мындайча айтканда, биз тийешелүү токтомго өзгөртүү киргизбесек, ал жерди иштетмек тургай чалгындоо иштерин жүргүзүүгө да мүмкүнчүлүк болбойт. 

-- Келечекте баасы алтынга тете литийдин канчалык кору бар?

-- Тоң районунда бир жеке менчик ишкана изилдөө иштерин жүргүзүп келген. Бүгүнкү күндө лабораториялык анализдердин негизинде литий аныкталган. Мисалы, эки жыл мурун “бизде литий кени барбы?” деген суроо жаралып келген. Бирок ага жооп болгон эмес. Бирок кийин изилденип, “литийдин кору 100 тонна эмес, 1000 тонна да эмес, 10 миң тонна, андан да көп болуп калышы мүмкүн” деген божомол маалымат бар. Ага дагы толук кандуу изилдөө үчүн тийешелүү чечимдер зарыл. 


(Уландысы кийинки санда)

Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер