Сапаргүл Абдинабиева: “Балаңыздын денеси сизге таандык буюм эмес”
Журналист Сапаргүл Абдинабиева өзүнүн социалдык баракчасына баланы сыйлоо тууралуу пост бөлүштү. Ага төмөндө көз жүгүртсөңүз болот:
“Бала менен сиздин айырмаңыз бир эле жаш курагыңыз – сиздин андан бир аз убакытка эрте дүйнөгө келгениңиз, башка эч айырма жок. Ошон үчүн да балага чоң кишиге жасагандай мамиле жана сый болууга тийиш. Анын кызыгып ойноп жатканын көрсөңүз, “тигини алып бер, муну жаса” деп кыйкырбай, күтө туруңуз, ал оюнун бүтсүн же кызыгы тарасын. Тамак жегенде да түгөтүп жешин мажбурлап же түрдүү шарттарды коюп коркутууга болбойт. Шарт менен желген тамак балага жукпайт. Андан сырткары, кийимин чечип же кийгизгенде “балам, мен сенин кийимиңди же жалаягыңды которсом болобу?” деп сураңыз, анан жумшак кыймылдап, мээрим менен кийинтүү туура. Бала аябай кичинекей болуп, сүйлөй элек болсо да бир эскертип туруп жасаңыз, ал баарын сезет. Эч нерсе айтпай туруп эле колуңузга алып, жулкулдатып тосуп, кийимин алмаштырып, кайра жулкулдатып түртүп коюуга акыңыз жок. Анткени балаңыздын денеси сизге таандык буюм эмес. Ага өзү гана жооп берет” деп жазды Сапаргүл айым.