Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асылбек Жоодонбеков: «Ваучердик системада акча окуучуну ээрчийт»

Асылбек Жоодонбеков: «Ваучердик системада акча окуучуну ээрчийт»

26-ноябрь, 19:19
1 562 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мектептер бир жыл иштеген жок, пандемия, онлайн окуучулардын ковидден кийинки билим алуусунун деңгээли кандай?

-- Ковид билим берүүгө күтүүсүздөн келди. Бирок өзүңүздөр билгендей, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков баш болуп мамлекеттик баардык тармактарда санариптештирүү деп айтышканы менен ага батынып киришпей жатканбыз. Ковиддин келгени өзгөчө билим берүү секторунда, анын ичинде мектептерде санарип технологияларын, тагыраагы, дистанттык билим алуу, онлайн, zoom сыяктуу платформаларды өздөштүрүү боюнча аябай чоң секирик болду. Мында дагы адам факторун баса белгилеп кетким келет, жетекчиси жөндөмдүү, мугалимдери талап кылганды билген, жоопкерчилик жогору болгон мектептер үзгүлтүксүз алып кетишти. Албетте, бийик тоолуу аймактарда, интернет жакшы тартпаган жерлерде, өзүн таштап койгон айрым билим берүү жайлары сөзсүз аксады. Негизинен кээ бир маалыматтар боюнча билим берүүнүн сапаты 30%га чейин төмөндөдү. Ошол эле мезгилде айрым окуучулардын көрсөткүчү начарлаганы менен кээ бирлеринин билими жакшырган. Себеби, онлайн билим берүү көбүрөөк жоопкерчиликти талап кылат. Мугалим менен окуучунун чоң жоопкерчилиги. Ошондуктан муну сезген мугалимдер түрдүү платформаларды өздөштүрдү, өз алдынча иштегенди үйрөндү. Окуучуларда дагы ушундай көрсөткүчтөр болду, ата-энеси жакшы шарт түзүп берген балдарда алдыга жылыш болду. Албетте, 2021-2022-жылдагы окуу жылында айрыкча башталгыч класстын мугалимдерине кыйыныраак болууда, бирок бул болуп туруучу жалпы тенденция. Азыр электрондук күндөлүк иштеп баштаган, мында ата-эненин дагы, мугалимдин дагы баланы көзөмөлдөгөнүнө мүмкүнчүлүктөрдү ачты. 

-- Айрым иликтөөлөргө ылайык, бизде билим берүүгө көбүрөөк каражат бөлүнөт экен, бирок жыйынтык жакшы эмес...

-- Мисалы, 2003-жылы Кыргызстанда 3-4 миллиардга жакын акча сарпталган болсо, учурда 40 миллиардга чукул сумма бөлүнөт. Демек, билим берүүнү каржылоо 10 эседен ашык өстү. Каражат бул тармакка жакшы сарпталат. Бирок,  Европа, Россия, Казакстан сыяктуу мамлекеттер менен бизди салыштыруу туура эмес. Себеби, каражат мамлекеттин ички дүң продукциясына жараша өлчөнөт. Биздин мамлекет башчылардын айтып жатканы ушундан. Бирок, көп жумшалганы менен мамлекеттик бюджет болгону 4 миллиарддын тегерегинде түптөлүп жатпайбы. Бул абдан аз. Европанын ИДПсын, каражатын жан башына бөлгөндөгү сумманын көлөмү абдан чоң. Натыйжада алардын билим берүүгө бөлгөн 3-4 пайызы биздикинен алда канча ири сумманы түзөт. Бул жерде канча пайыз бөлүп жатабыз эмес, канча кетип жатканын эсептеген туура. Экономикалык чабалдык деп атасак туура болот. Каражат көп салынып, бирок таасир бербей жатканынын бирден-бир себеби, билим берүүнү башкарууну каржылоо системасынын эскиргенинде. Себеби, мамлекет акчаны окуучулардын санына карата бөлүп берет, бирок мектептеги конкреттүү окуучуга берилбейт. Биз ошондуктан ваучердик механимдерди сунуштап жатабыз. Анткени ваучердик же жан башына каржылоонун түрү – бул ар бир окуучуга акча бөлүү. Демек, акча окуучуну ээрчийт. Кайсы мектепте окуучу көп окуса, ошол мекемеге көбүрөөк каражат берүү. Бул мугалимдерге стимул боло алат. Ушул сыяктуу механизмдерди карашыбыз керек. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер