Эркектин сулуусу жүрөнөөк, чымыр денелүүсү кызыл камчы болот экен. Алданбагыла


Жакында эле эр сөрөйүм менен ажыраштым. Тогуз жыл жашап, үч уулдуу болгонбуз. Сүйлөшүп, сүйүшүп баш кошконбуз. Ал кезде беткаптын ары жагын билбейт экенбиз да. Ата-энем айтканга тийбей, “сүйөм” деп атып тийип алгам. Жашоомдо көп кыйынчылык болду. Далай жолу таарынып келдим. Бирок үйдүн сыртынан эле ары кетчүмүн. Апам “өзүң тийгенсиң, өлбөйсүң, жаша” дегенден башканы айтчу эмес. Кызыл камчы, ачуусу чукул, бетпак, зынаакор эркек менен 10 жыл өмүрүм кор болду. Кичүү уулум бир жашка чыкканда, болбогон нерседен катуу уруп салды. Акыркы демимди топтоп, кайра эле баягы үйгө келдим. Мени “жогол!” деп, кайненем экөө апкелишти. Ата-энем эч качан мени аябасын билчүмүн, болгону барар жерим жок эле. Атамдын үйүнө келдик. Төртөөлөп ит талагандай талап жешти. Ортодо тээ талаада ач карышкырлардын арасында жемге калгандай эле отурдум. Урганда өзүмдү коргой албадым. Алым жетпеди. Ушунча урган эле. Башымды жаздыкка коюп жата албай калдым. Баардык жагым шишиген абалда. Ошол кебетемди көрүп, бири да “и-ий” деп коюшпады. “Бир күн эле түнөйм” деп боздоп жатып калдым. Эртеси квартира таап чыгып, кыскасы, өз оокатымды улап кеттим.
Муну менен мен эмне айткым келди?.. Мындай ата-эне менде эле эмес. Урматтуу ата энелер, кыз силердин каныңар эмеспи? Кыз кордукка, кулдукка жаралганбы? Эмнеге мынча кордойсуңар? Асырай албасаңар, кичинекей кезинде эле муунтуп өлтүрүп койгулачы! “Мени баккыла” деп оозубузду ачып деле отурбайбыз. Байкуш кыз болуп жаралганы үчүн күнөөлүүбү? Биз да адамбыз. Денебиз тирүү. Баардык катуу нерсени сезебиз. Кээде Кудайга да кайрылам, “эмнеге ушундай алсыз, шордуу кылып жараткан соң, денебизди кайыштан кылып, жүрөгү жок эле жараткан жоксуң?” деп. Жаштарга айтар насаатым: эч качан “сүйдүм, болду” деп тийип албагыла. Таттуу тилине алданбагыла. Ата-эне жаманын таппайт. Алардын тапканын да карап көргүлө. Келбетине кызыкпагыла. Сулуу эркек жүрөнөөк болот, чымыр денелүү эркек кызыл камчы болот. Жүрөгү жумшагын, эмгекчилин тандагыла. Мээримдүү инсан сага жакшы жар, балдарыңа жакшы ата болуп берет. Балдарым ийгиликтүү болсун десеңер, мээримдүү атаны тандагыла!











