Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Эми элибиз тыңчыкма уул-кыздарын тандап алса болот”

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Эми элибиз тыңчыкма уул-кыздарын тандап алса болот”

22-сентябрь, 19:54
574 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марлен мырза, өзүн өзү таратууну каалаган депутаттардын арасында сиз да бар экенсиз, шайлоону мөөнөтүнөн мурун өткөрүүнү колдоп атыпсыз. Жогорку Кеңештин шайлоосуна даярсызбы?

-- Эми бул маселе көтөрүлүп, айтылып жаткандан кийин ар бир депутат ичинен “кайра шайлоого бара аламбы, мен туура эле жолдо баратамбы?” деп ойлойт болуш керек. Албетте, депутаттык мандатты сыртка коюп туруп, “эмне үчүн таркаш керек?” деген суроонун алкагында ойлоно турган болсом, “ооба” демекмин. Себеби, парламенттик жана президенттик шайлоонун аралыгынын өтө жакындыгы мына ушул жагдайга себеп болуп жатат. Катар келген шайлоо БШКны аябай ыңгайсыз абалга кептээрин ойлоп, ар кандай катачылыктарга жол бербөө керектигин эске алып, түшүнүү менен кабыл алдым. Себеби, Кыргызстандын тарыхында шайлоолор кандай роль ойногонун баарыбыз жакшы билебиз. Эң башкысы, Жогорку Кеңеш “биз жаңы система менен шайланып келебиз” деген саясый чечим кабыл алды. Ушундай чоң саясый өзгөрүүгө өздөрү баргандан кийин элге дагы жаңы мүмкүнчүлүк берилет. Өз округунан тыңчыкма уул-кыздарын тандап алышына шарт түзүлөт.

-- Парламентти өзүн өзү таркатууга багыт алган эл өкүлдөрүнүн демилгеси колдоо табабы?

-- Колдоо табат деп ойлойм. Негизи парламентти Конституция боюнча эч ким тарката албайт. Бир эле жол менен тароо мүмкүнчүлүгү бар, эгерде парламенттин үчтөн бир бөлүгү демилгечи топ түзүп, тароо себебин туура түшүндүрүп, парламенттин үчтөн эки бөлүгүнүн добушун алса, тагыраак айтканда, 61 добуш алса, өзүн өзү таркатат. 

-Азыркы парламент кандай иштеди?

-Биз элдин добушу менен шайланганбыз. Ошондуктан, эл өзү баа бериши керек. Учуру келгенде тарых дагы өз баасын берет деп ойлойм.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер