Министр Улан Ниязбековдун салымы: Кыргызстан саякаттоочу өлкөгө айланууда

Акыркы жылдары өлкөдөгү кылмыштуулук эки эсеге кыскарып, алдын ала чара көрүүнүн, профилактикалык иштердин тынымсыз жүргөнүнөн натыйжа келип чыкты. Кыргызстанда коопсуздук камсыздалып, саякаттоого ылайыкташкан мамлекет катары дүйнөлүк ЖМКларга жазылууда. Мындай артыкчылык эл аралык блогерлер тарабынан да жарнамаланып, жаратылышыбыздын кооздугу, элибиздин меймандостугу жана тынчтыктын сакталганы боюнча алкоого алынганын баамдадык. Эми “Коопсуз шаар” долбоору толук кандуу өлкө аймагына жайылса, дээрлик санариптештирүүгө жетишсек, министр Улан Ниязбековдун эмгеги акталары шексиз. Кыргызстан Азия аймагындагы эң коопсуз, туристтер сүйгөн мекенге айланары ажеп эмес. Биз башка жактарыбыздан аксап турсак да, дал ушул коопсуздукту чыңдоо менен туризмге шарт түзүп, кыргыздардын көчмөн турмушун даңазалоо, табиятыбызды даңктоо менен эл аралык аренага чыга алсак болот. Азырынча ишеним жаралып, алгачкы кадамдар ташталууда. Мына ушул көрүнүштү татыктуу деңгээлде улантып кетүүгө аракет кылалы.
"Азия Ньюс" гезити