Манас Осмон, журналист: “Азыркы депутаттардын 30 пайызга жакыны кайра шайлоодон өтүп келишет”


-- Мына, жакынкы күндөрү Жогорку Кеңеш тароо алдында турат. Ушул чакырылыштын канча пайызы кайра келиши мүмкүн деп ойлойсуз?
-- Ооба, депутаттар өздөрү кол топтоп, тарап кетели деп жатышат. Ар бир парламентке тарых өз баасын берет. Кагылып-согулуп болсо да, мөөнөтүнө жакын иш алып барышты. Азыр округдарын тактап, күбүр-шыбыр болушууда. Булардын 30 пайызга жакыны кайра келишет деп ойлойм.
-- Баса, “бата албаса, өтүш кыйын” деген сөздөр жүрүп жатат го...
-- Ал эски вариант. «Менден бата албагандар өтпөйт» деп жүрүшүп мурдагылар эмне болушту. Эзелтен бери жаңжалдын баары шайлоодон чыккан. Менин оюмча, өлкө жетекчилери эч кимге бата бербейт го. 2020-жылдагы шайлоодой кылып элдин тандоосуна жөнөтөт.
-- Анан эмнеге эле «паланча бата алып чыгыптыр, түкүнчө бата алалбай жүрөт» деген сөздөр таркап атат?
-- Байкасаңар, азыр көпчүлүгү президент же УКМК төрагасы менен түшкөн сүрөттөрүн коюп башташты. Бул деген "бата алыптыр" дегенди туюнтсун дегени. Бата берүү деген болбойт, ким элге кадырлуу болсо, ошол өтөт. Элдин тандоосу менен бийлик эсептешкенге мажбур.
"Азия Ньюс" гезити











