Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Президенттин басма сөз катчысы депутаттарга эскертүү берди

Президенттин басма сөз катчысы депутаттарга эскертүү берди

11-май, 19:08
776 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Жогорку Кеңештин депутаттарын коңшу мамлекеттердин дарегине сын айтууда этият болууга чакырды

“Урматтуу депутаттар! Коңшу мамлекеттерге жана эл аралык мамилелер боюнча сын-пикир айтарда этият болсонуздар, сураныч! Депутат – бул саясый кызмат. Ар бир айткан сөзүңүздөргө эл аралык майданда маани берилет жана ага карата реакция да болушу мүмкүн.

Кудайга шүгүр, бүгүнкү күндө бардык мамлекеттер, анын ичинде коңшулар менен дагы жакшынакай кызматташып келүүдөбүз. Албетте, айрым жагдайлар бар, бирок негизинен жаман эмес. Бардык көйгөйлөрдү, эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алып, сүйлөшүү жолу менен чечип жатабыз деп жазган ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Марлен Маматалиев Казакстанга сууну бербей коюуну сунуштаган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер