Бизнесмендин өлүмү боюнча Акылбек Бекишов жооп бербейби?


Ысык-Көл РИИБ начальнигине Акылбек Бекишев келгени жалпы коопсуздук, тартип жагы начарлап кетти. Буга бир канча негиздер бар. Жайкы сезондо топтошуп мушташмай, аянычтуу көрүнүштөр көп эле катталды. “Эс алуучуларды, туристтерди үркүтпөйлү” деген мааниде маалыматтар чыккан жок. Жетекчи кайдыгер, шалаакы болсо, дагы көрө элек шумдуктарыбыз чубай береби?
Өткөн айда Ысык-Көл РИИБ кызматкерлери бизнесменди сабап өлтүрүштү. Төбө чачты тик тургузган окуя. Бул боюнча чоң чуу чыгып, милицияга шек кетти. Дал ушул оор кылмыш алкагында Акылбек Бекишовду токтоосуз түрдө кызматтан кетирсе болмок. Негиз бар, негедир сакталып калды. ИИМдин орун басары Октябрь Урмамбетов калкалаган кербезиби? Өз кадрларынын айыбын жаап-жашырып, жогор жакка чыныгы маалыматты жеткизбей будамайлайбы? (Ушул багытта кенен токтолобуз.)
Жыйынтыгында, өздүк курам астында Акылбек Бекишовдун аброю кетип, сын-пикирлерге кабылганы каңкууланууда. Оперлер икая катары ар кандай тамашаларды айтып жүрүшөт. Ысык-Көл РИИБде сөгүш албаш үчүн он эки самсы алпарсаң, маселең чечилеби? Жумуш убактысында начальник кызымтал жүрсө, эмнеге ИИМдин ички иликтөө кызматы байкабай калат? “Навынос” деген каймана ат кайдан чыккан?.. Кыскасы, ушул суроолордун жандырмагын ачып коюу оңой эле. Анүчүн министрге маалымат жетиш керек. Ортодон эле Өктөбүр сымалдар тоскоолдук жаратышпаса...











