Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нургүл Акимова: «Улуттук валютанын курсу арзандаса, товарлар жогорулайт»

Нургүл Акимова: «Улуттук валютанын курсу арзандаса, товарлар жогорулайт»

01-октябрь, 23:17
898 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акча курстары туруксуз, сомдун куну олку-солку болуп, доллар жогорулап жатканын эмнеге байланыштырабыз?

-- Бул улуттук жана дүйнөлүк экономиканын жана саясаттын жогорку деңгээлдеги өз ара көз карандылыгына байланыштуу.

Баарынан мурда алмашуу курсу төмөнкү факторлордон көз каранды:

• инфляция деңгээли;

• төлөм балансынын абалы;

• ар кайсы өлкөлөрдөгү пайыздык чендердин айырмачылыгы;

• валюта рыногунун иши;

• спекулятивдик валюта операциялары;

• белгилүү бир валютанын евро валюта рыногунда жана эл аралык эсептешүүлөрдө колдонулуу даражасы;

• эл аралык төлөмдөрдү тездетүү же кечиктирүү;

• валютага болгон ишеним деңгээли;

• акча-кредит саясаты;

Акча-кредит экономикалык саясаттын максаттарына жараша алмашуу курсун төмөндөтүүгө же көбөйтүүгө багытталган. Улуттук валютанын алмашуу курсу экономикалык көрсөткүч катары ар бир мамлекеттин экономикасында маанилүү орунду ээлейт. Анткени, биринчиден, өлкөнүн абалы ага байланыштуу, экинчиден, валюта курсу дүйнөлүк жана улуттук экономикалык тутумду тыгыз байланыштырып турат. Алмашуу курсунун олку-солку болушу экономикалык көрсөткүчтөрдү төмөндөтүп, каалаган өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Алмашуу курсуна таасир этүүчү фактор болуп саналган негизги экономикалык көрсөткүчтөрдүн бири – инфляция. Инфляция экономикалык процесстердин өнүгүшүнүн эң маанилүү көрсөткүчү, ал эми валюта рыноктору үчүн бул эң олуттуу баскычтардын бири. Инфляция экономикада баалардын жалпы деңгээлинин жогорулашы же иш жүзүндө эквиваленттүү болгон акчанын сатып алуу жөндөмүнүн төмөндөшү менен мүнөздөлүүчү процесс катары аныкталат. Инфляция учурунда керектөө товарларына баалар номиналдык эмгек акынын жана коомдун мүчөлөрүнүн кирешелеринин өсүшүнө караганда тез өсөт, бул терс кесепеттерге алып келет (калктын реалдуу кирешелеринин төмөндөшү жана анын жакырлануусу, өндүрүштүн анархиясы ж.б.).

-- Азык-түлүктүн кескин кымбатташынын себеби да ушулбу?

-- Ооба, керектөө базарында азык-түлүк кымбаттады. Бул Улуттук банктын натыйжасыз курсунун жыйынтыгы катары эсептейм. Башка факторлорго негиз жок. Кырдаал валюта рыногунда гана өзгөрүлүүдө. Статистика көрсөткөндөй, инвестиция, үнөмдөө жана керектөө жаатында өзгөрүүлөр жок. Биз негизинен импорттук товарларга муктажбыз. Алар долларга сатылып алынат. Улуттук валютанын курсу канчалык арзан болсо, товарлар ошончолук кымбат болот.

-- Инфляция боюнча чаралар көрүлсө таасири кандай болот?

-- Өлкөдө инфляциянын деңгээли канчалык жогору болсо, анын факторлору дагы төмөндөйт, эгерде башка факторлор каршы чыкпаса. Өлкөдөгү акчанын инфляциялык төмөндөшү сатып алуу жөндөмүнүн ылдыйлашына жана инфляция деңгээли төмөн өлкөлөрдүн валюталарына карата алардын алмашуу курсунун төмөндөө тенденциясына алып келет.

Алмашуу курсун теңдөө, аны сатып алуу жөндөмүнүн паритетине ылайыкташтыруу орто эсеп менен эки жылдын ичинде жүрөт. Инфляция валютаны түшүрөт, ошондуктан анын деңгээли жогору болгон өлкөнүн валютасы узак мөөнөттүү мезгилде инфляциясы төмөн болгон өлкөнүн валютасына каршы төмөндөйт. Кыска мөөнөттө инфляциянын индекси тескери таасирин тийгизиши мүмкүн. Эгер инфляция көтөрүлсө, Улуттук банк кайра каржылоо ставкасын көтөрөт, бул улуттук валютанын курсуна оң таасирин тийгизет. Демек, инфляциянын валюта курсуна таасири эки ача.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер