Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Муканбетов: “Назарбаев “тирүүлөй өлүк” болсо, Токаев саркындыга айланышы мүмкүн”

Сабыр Муканбетов: “Назарбаев “тирүүлөй өлүк” болсо, Токаев саркындыга айланышы мүмкүн”

14-январь, 09:30
1 215 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Саке, салам! Токаевдин “Казакстанга террористтер кол салды” деген кайрылуусу, ОДКБнын кириши, абал турукташкандан кийин террорист табылбай пианисттер ур-токмокко алынышы тууралуу кеп салалы. Коомчулук негизинен кыргыз аскерлеринин ОДКБ алкагында Казакстанга киришине каршы болду. “Ички маселе, өздөрү чечсин” дегенге карабай Жогорку Кенеш чечим кабыл алып, аскерлерибиз киргизилди. Ушул туура болдубу? 

-- ОДКБ боюнча келишимде “ага мүчө болгон өлкөгө сырттан кол салуу болгон учурда гана ОДКБнын калган мүчөлөрү жардамга келет, же агрессорго карата согуш жарыялайт” деген түшүнүккө таянып, “сырттан кол салуу болгон жок, казактардын ички иши, өздөрү чечсин, кийлигишпегиле, аскер киргизилбесин” деген ызы-чуу эфирди ээлеп, андан башка эч нерсе угулбай калбадыбы. А аныгында, ал келишим боюнча суверендүүлүгүнө коркунуч туулган жагдайда ОДКБнын мүчөсү уюмга кайрыла алары так көрсөтүлгөнүн эксперттер айтып чыгышты. “Сырттан кол салуу болгондо гана кайрыла алат, ошондой жагдайда гана башка мүчө өлкөлөр аскер киргизе алат” деген чектөө жок экен.

Ар бир өлкөдө бийликке каршы оппозициялык күчтөр бар. Алардын ичинде экстремисттик көз караштагы, өлкөгө каршы сырткы күчтөрдүн идеологиясын карманган, алар менен алака түзүп жардам алган, “уктап жаткан” ячейкалары бар, кырдаалга жараша аракетке өтүүчү пландары арбын күчтөр болбой койбойт. Мамлекетте чыңалуу жаралып, эл көтөрүлгөндө, элита бийлик талашып кармашканда, ошондой экстремисттик күчтөр да учурдан пайдаланып активдешип, стабилдүүлүктү гана бузбастан, мамлекеттин суверендүүлүгүнө шек келет.

Казакстанда ошондой абал жаралды, Назарбаевдин жек-жааты “шалдын” артынан бийликтеги позицияларын жогото турган болгонун түшүнүп, өлкөдөгү кырдаалды күчөтүп, отко май бүрктү. Карамагындагы күч түзүмдөрүн, криминалды, исламисттик, экстремисттик багыттарды, күчтөрдү айдап отко салды. Максаттары Токаевди гана алып түшүү эмес, адилеттүүлүк, акыйкаттык, демократия үчүн көтөрүлгөн миңдеген карапайым казакстандыктарды да жалпы журтка жаманатты кылып, мародер, кан ичер кылып көрсөтүү болгон. Натыйжада Казакстан Сириядагыдай он жылдап тутанган хаоско учурап, миңдеген адам мерт болуп, быт-чыты чыгышы толук мүмкүн болчу. Ал хаостун запкысы баардык коңшуларга тиймек. Бул казакка эле эмес, Борбор Азияга да кооптуу жагдай болчу, ушуну эске албастан жеңил ойлуу чакырыктарды жасап жатышты...

Ушундай жагдайда Токаевдин ОДКБга кайрылуудан башка аргасы калбады. Чамасы келбей калды да... Бирок ал өзүнүн бийлигин, жеке керт башын гана сактап калган жок. Жалпы Казакстанды хаостон, кыйроодон сактады. Ушул өңүттөн алганда, ОДКБнын киргени туура эле болду. “Варшава келишими” жок болгондон кийин анын ордун баскан ОДКБ айтыла жүргөндөй “кагаз жолборс” эмес, реалдуу күч экенин да тастыктады. 

-- Токаев “20 миң террорист сырттан кирди” деп айтып, аягында террорист таппай кыйналып, пианистти сабатып, “акчага митингге келдим” дедиртип моюндатканын кандай дейбиз?

-- “Коркконго кош көрүнөт” болуп айтып алды. Нааразычылыкка чыккан тынч жарандарынын баарын “террорчу” атаганы, албетте, чоң катачылык. Эми укук коргоо органдары анын сөзүн чындыкка айландырабыз (!) деп, катыштыгы жок жарандарды ур-тепкиге алышты, шерменде болушууда.

-- Шаарлар тонолду, талкаланды, 160тан ашык адам мерт болгону айтылууда. Анан эми “Назарбаев менен Токаев сүйлөшүп, келишип алыптыр, Назарбаевдин инисинин баласы Самат Абиш камактан бошотулуп, кайра ордуна – коопсуздук комитетинин (КНБ РК) 1-орун басарлыгына кайра отуруптур” деп атышат. Ошондо кандай, нааразычылыкка чыккан казак элинин талаптарына түкүрүп коюштубу? Же ОДКБ коррупциялык бийликти, үй-бүлөлүк олигархиялык элитаны сактап калыш үчүн казак элинин канатын кайрууга салым кошкон болуп калдыбы? Ушу жагы кандай болду?

-- Биринчиден, ОДКБ Казакстанды көп жылга ырбап, мамлекеттин суверендүүлүгүнө шек келтире келтире турган хаостон сактап калды. Бул айныгыс факт. Назарбаев жана анын куйруктары чегинди. Компромисстик аракеттер убактылуу, ал “калбырлардан” арылуу, тазалануу улантылса керек. Эл кан ичерлердин провокациясынан улам убактылуу гана тайм-аут алды. Эми башка формада талаптарын күчөтөт, токтоп калбайт, парламентке кайра шайлоолордун башталышы менен мамлекеттик структурада чоң өзгөрүштөр башталат го. 

Мындан ары калктын турмушуна өзгөчө көңүл бөлүнүп, алардын талаптарын аткаруу багытында көптөгөн аракеттер жасалып, жеңилдиктер берилип, көптөгөн күнөөлүүлөр жоопко тартылып, мүлктөр улутташтырылышы керек. Болбосо калк тынчыбайт. 

Казактардын “шал кет” деп кыйкыра баштаганына он жылдан ашты. Акыры Назарбаев да өз жазасын алып, “тирүүлөй өлүккө” айланды. Тирүүсүндө орноткон эстелигин кулатып, ары-бери сүйрөп жүрүшөт, мамлекеттик ЖМКлар анын атын алып жүргөн борбор калаанын атын атабай калышты (б.а. атын алмаштырбаганга айлалары калган жок), бала-бакырасы чилче тарап качып жүрөт, буга чейинки жасаган эмгектери эч нерсеге арзыбай, жексурга айланды. Мындан ашкан жаза болобу? Токаевге да катуу сөздөр айтылууда, эсине келбесе аны да казак эли саркындыга айдай турганынан шек жок. Ага азыр абдан оор. Кайрадан эл ишенимине арзыш оңой эмес. 

-- ОДКБ ичиндеги элдердин дээрлик баарында, жадагалса орустардын өзүндө да орустарга ичи чыкпай, уюмдан чыгууга чакыргандар да бар. Буга кандай карайсың?

-- Бул биздин өткөн тарыхка байланыштуу. 150 жылдай орус менен аралаш жашаган тарыхыбыз бар. Жаманынан жакшысы арбын басып өткөн жол турат. Ошо жаманын унута албаган, жакшысын эске алгысы келбеген жарандарыбыз бар. Аларды “жаман” деп айткым келбейт. Алар да элибиздин эркин, бакубат жашоосун самашат. 

Америка менен Европанын бай өлкөлөрүндөгүдөй жашоону ким каалабайт? Баарыбыз самайбыз. Бирок ошондой жашоого жетиш үчүн коңшулардын баары менен араздашып, бөлүнүп, катташпай калууга туура келип жатпайбы. “Мен силерди жакшы көрөм, жаманчылык каалабайм, бирок кеттим, кошкула, мага да иттик кылбагыла” деп кетип калсаң эле алар жаман көрбөй тим койбойт экен да. “Болуптур, кете бер, биз карасанатайлык кылбайбыз, бирок бизден жакшылык да күтпө, биз аркылуу каттаба, биздин жолду колдонбо, бизден отун, тамак-аш сураба, тентиген жарандарыңды алып кет. Туура түшүн, бизге капа болбо, сен тескери блокко кошулуп кеттиң, биз үчүн саткын, душман болуп калдың, түшүндүңбү?” дейт экен да. 

Анан тиги, Украина, Молдова, Грузия, Прибалтика республикалары сыяктуу Европа менен чектеш же жакын болсоң да “мейли анда, билгениңди кыл, кеттим” деп ат куйругун кессең болот. А биз кантебиз? Дүйнө менен катташкан бир жол – казак, орус аркылуу, экинчиси Кытайга, калганы аба жолдору. Ошого да карабай, эч ойлонбостон, “өлсөк өлдүк, чыгабыз, кетебиз” деген чаар баштарды кантип колдойбуз? Аларды ээрчисек, “бөлүнгөндү бөрү жейт” болгону жатпайбызбы. Кандай үйдө жашап, таасирдүү системаны карманганына карабай коңшулар менен ынтымакта күн кечирип, ачуу-таттууну бирге татып, колтукташ болгон жакшы эмеспи. Анткени коңшунун үйүнөн өрт чыгып, жел үйлөсө, өрт сенин үйүңө да жабылат. Андыктан, араздашпай бир блокто болгонубуз эле туура.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер