Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атыр Абдрахматова, юрист: “Мекенибизде жакырчылык, билимсиздик, зордук-зомбулук күчөөдө”

Атыр Абдрахматова, юрист: “Мекенибизде жакырчылык, билимсиздик, зордук-зомбулук күчөөдө”

30-июль, 08:59
346 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Пара алууда ири чиновниктер эмес, көбүнчө майда "чабактар" кармалганы эмнени билдирет? Бизде коррупцияга каршы күрөш кандай деңгээлде жүрүп атат?

-- Кыргызстанда азыркы учурда мамлекеттик кызмат макамында 20 миңге жакын адам иштесе, 320 миңдин тегерегинде адам мамлекеттик бюджеттен айлык алышат. Мунун негизинде мамлекеттик бюджеттен айлык алгандарга тийешелүү “жогорку деңгээлдеги” жана “төмөнкү деңгээлдеги” коррупция түптөлүп калган. Орто жана төмөнкү деңгээлдеги кызмат адамдары жарандар менен тыгыз иштешип (аныктама берүү, жөлөк пул чегерүү, айыптарды салуу, каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү, дарылоо, билим берүү ж.б.)элге (кардарларга) так, толук кандуу маалымат бербей, милдеттерин так көрсөтпөйже бюрократиялык узак иштерди айтуу менен ишти тездетүүгө көмөктөшүүсү үчүн же мыйзамсыз иштерге көз жумуп коюуга багытталган. 

“Жогорку деңгээлдеги” кызмат адамдары, албетте, чечкен суроолору кыйла кененирээк, жер бөлүштүрүү, тендер өткөрүү, күнөөлүү же күнөөсүз (!) деп табуу, менчик маселелерин чечүү жана башка олуттуу чечимдерди кабыл алуу менен байланышкан. 

    -- Тамыры тереңге кетсе керек...

-- Көбүнчө коррупциялык бүтүмгө кызыкдар болгон эки тарап тең бир мамлекеттик органга же системага тийешелүү. Мисалы, чиновник өзүнүн кызматка келиши, же коррупциялык иштерин жаап-жашырганы үчүн жогору турган жетекчиге пара берген жагдай. Мындай учурда орто жана төмөнкү деңгээлдеги кызмат адамдарынын мыйзамсыз иштерине белгилүү бир акы (пайыз) үчүн алардын жетекчилиги кол алдындагыларынын мыйзам бузууларына көз жумуп, кызматтык милдеттерин аткарууда мыйзамсыз акча алуу схемасы уюмдун нормасына айланганда, аларга карата кызматтан бошотуп, кылмыш жоопкерчилигине чейин жаза чараларын колдонуунун ордуна, айлыктан сырткары салык төлөбөстөн акча алуу булактарынан жетекчилери «баштарын жоготуп» алышат жана массалык коррупциянын темпин чексиз деңгээлге чейин олуттуу түрдө жогорулатышат. Кээ бир учурларда жетекчилер өзүлөрү бул коррупциялык схеманы кол алдындагыларына таңуулашат. Мындан улам, мекенибизде жакырчылык, билим деңгээлинин төмөндүгү, зордук-зомбулук күчөөдө.

Коррупциянын эки түрү тең коом үчүн өзгөчө коркунучтуу. Анткени алар коррупциянын обочолонгон аракеттер стадиясынан уюшкан формалар стадиясына өткөндүгүн көрсөтүп турат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер