Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тышкы карызга ири объектилерди алдырбайбызбы?

Тышкы карызга ири объектилерди алдырбайбызбы?

19-февраль, 10:56
4 101 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Атамбаевдин бийлиги тушунда чет мамлекеттен карыздар көп алынган. Эгер анын шарттары аткарылбай, убагында төлөй албасак, объектилер насыя берген тарапка өтүп кетет. Бул өтө ири объектилер. Мамлекет башчы кыйынчылыктарга карабай, каражат таап, насыяларды кечиктирбей төлөөгө ишендирди. Объектилер эч кимге берилбейт” деди президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек

2020-жылдын соңуна карата алынган маалымат боюнча, Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард 850 миллион 730 миң долларды түзгөн. Бул абал боюнча айрым эксперттерге собол салдык.

Айылчы Сарыбаев, экономика илимдеринин доктору:

-- Эч кандай ойлонбой кол койгон эмес. Инфраструктурасы жок экономика өнүкпөйт. Алдын ала эле “алдырып жиберебиз” деген сөз сөөдүрөктүк. Алысты көрө албагандардын оозунан чыгат. Мындай сөзгө дебилдер ишенет. Бул карыздан кантип кутуларыбызды кеминде он жолу кайталадым.

Эмил Жороев, саясат таануучу:

-- Кыргызстандын тышкы карызы Атамбаевдин убагында кескин көбөйүп кеткендиги, ал эми азыр төлөө убактысы келгенде кыйынчылык туулуп жатканы – бул факт. Өзгөчө Кытайдын экспорттук-импорттук банкынан алынган кредиттердин шарттары боюнча талаш жаралчу болсо, чечүү маселеси арбитраждык жактан кандай каралары чындыгында өтө кооптуу. Кыргызстанга зыяны тийе турган потенциалда кол коюлганы талашсыз. Мындай болгону менен жыйырманчы жылдан бери келе жаткан экономикабыздын абалын эске алып, ага так, сергек баа берип, менимче, сүйлөшүүлөр аркылуу экономикалык иш-аракеттер менен ал карыздарды төлөөгө аракет кылышыбыз керек. Азыр бизде жетекчилик тараптан да, эл тараптан да “төлөй албай калабызбы?” деген сыяктуу коркуу, дүрбөлөңгө түшүү туура эмес. Конструктивдүү эмес. Четтен күнөөлүүлөрдү издеп, коркунучтарды издеп тургандан көрө, реалдуу, алгылыктуу маселе чечүүнүн жолдорун издешибиз шарт.

Рустам Юсупов, жарандык активист:

-- Чындыгында көп документтерди экспертизадан өткөрбөй, каражат алыш үчүн эле кол коюп жатабыз. Биздин көптөгөн объектилерибиз кете турган болсо, ошол документтерди даярдаган, ошол документке катышуусу бар адамдардын баары жоопкерчиликке тартылышы керек. Стратегиялык объектилердин бүт баардыгы жалпы коомчулуктун талкуусуна чыккандан кийин чечим кабыл алынат. Өз алдынча чечим кабыл алгандай бул алардын жеке мүлкү эмес. Бул – элдин байлыгы. Азыркы Конституцияга да стратегиялык мааниге ээ болгон чечимдердин баары элдин макулдугу менен болушу жазылышы керек. Алынган карыздар канчалык деңгээлде туура пайдаланылды, кайсы жерге кетти – мониторинг жасап, баа берүү учуру келди.

Карыздан кутулуунун эки гана жолу бар: биринчиси, коррупция менен чыныгы күрөш жарыялоо. Ал эми экинчиси, контрабандага бөгөт коюу. Өзүбүздүн жаратылыш ресурстарыбызга тийбей туруп эле, ушул эки жол менен биз Кытайдын карызынан кутулсак болот. Жаратылыш ресурстарды казуу же кайра иштетүү бизге кымбат түшөт же өзүн-өзү актабайт. Кумтөр деп жатабыз, бирок ал  деле экологиялык зыяндарынын баарын эсептегенде бизге пайдалуу долбоор эмес. Зыян гана алып келет. Ошондуктан жер ресурстарыбызга тийбей, контрабанда, коррупция менен күрөшүү аркылуу карызыбыздан кутулуу ыңгайлуу. Баткен аркылуу Тажикстанга гана эмес Иран, Пакистан жана башка өлкөлөргө контрабандалар чыгып кетүүдө. Эгер Баткендин чек арасын жаап, бажыканалардагы коррупцияны жеңсек, ошол аркылуу карыздан тез кутулууга жол ачылат. 


 Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер